Окуучуну коюп кетти деп шектелген эки милиционер кызматтан алынып, камакка алынды

УКМК Балыкчы шаарында окуучу кызды унаа коюп кеткен факты боюнча кылмыш ишинин экинчи фигуранты кармалганын билдиришти. 

Атайын кызматтан билдиришкендей, кармалган Бекзат Казаков аймактык тескөөчү болуп иштеген. Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Бектур Осмоновдун иниси. Алгач Казаков окуучу кызды коюп кеткен менмин деген көрсөтмө берген. Бирок жабырлануучу тараптын туугандары унааны Осмонов башкарып баратканын айтышкан.

Окуядан улам экөө тең ээлеген кызматтарынан алынып, Каракол шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. 

Окуучу кызды унаа менен коюп кетүүгө шектелгендер. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы 

Кызды 26-январь күнү саат 13:15те коюп кеткен. Байкоо камерасында тартылган видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу 12 жаштагы кызды унаа менен сүзүп, изин жашырган. 

Жабырлануучунун атасынын айтымында, жол жээгинде турган кызын шаардык милициянын кызматтык унаасы коюп кеткен. Кыз жергиликтүү үй-бүлөлүк медициналык борбордун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Жабырлануучу кыздын туугандарынын айтымында, азыркы тапта кыздын абалы туруктуу.  

Окуучу кызды автоунаа сүзүп кеткен факты боюнча «Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун» жана «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнү УКМК жүргүзүп жатат. 

Башкы беттеги сүрөт: «Азаттык»