Иллюстрация: Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн

Бишкектин тургуну Айтунук ишкерлик кылат — анын тигүү цехи жана дизайнерлик чеберканасы бар. Чет өлкөгө сапарга көп чыгат: ишине байланыштуу, досторуна жолукканы же эс алуу максатында. Анын визалык тарыхында Түштүк Корея жана Европага чыккан сапарлары бар, ошондой эле паспортунда Америка Кошмо Штаттарына (АКШга) кирүү үчүн жарактуу мөөнөттөгү беш жылдык виза жаркырап турат. 

Аты өзгөртүлдү

Материалдын каармандары башынан өткөн окуяларды купуялуулук шарты менен гана айтып берүүгө макул болушту. Ачык айтып берген учурда келечекте шенген визасын алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир этиши мүмкүн деп кооптонушат.

Бир жыл мурда Айтунук анкетасына ушунун баарын көрсөтүп, Швейцария элчилигинен «шенген» алуу үчүн документтерин тапшырган — Чехиядагы сиңдисине бармак болгон. Бирок бир нече күндөн кийин күтүлбөгөн жооп алган. «Мекеним менен байланышты далилдей албаптырмын» — деп эстейт маектешибиз катта жазылган жүйөнү. Азыр Айтунуктун визага тапшырган анкетасы «виза берилбейт» деп жазылган башка миңдеген кагаз-документтердин арасында жатат. 

«Клооп» эмне үчүн кыргызстандыктарга Европага виза алуу татаалдаганын, алар кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын жана элчиликтер аларга визаны көп бербей калганы чынбы же жалганбы, айтып берет.  

«Каалаган жакка уча беребиз деп ойлосуңарбы?» 

Кыргызстандыктарга Европага виза алуу мурда деле оңой-олтоң иш эмес болчу — биздин өлкө башка көптөгөн постсоветтик өлкөлөргө караганда Шенген аймагындагы же Европа Биримдигине кирген өлкөлөр менен жеңилдетилген же визасыз режим жөнүндө кандайдыр бир макулдашууларды түзгөн эмес. 

Шенген аймагы – бул Европанын ичиндеги өз ара чек ара көзөмөлдөрүн алып салган 27 мамлекеттин аймагы. Алардын тургундары жана башка өлкөлөрдөн келген мыйзамдуу саякатчылар бул аймактын ичинде мамлекеттердин чек араларына карабастан эркин жүрө алышат.  

Мисалы, Молдова, Украина жана Грузиянын жарандары көп жылдардан бери Европага жарым жыл ичинде 90 күнгө визасыз бара алышат, ал эми Армения, Азербайжан, Беларустун (ошондой эле Украинадагы толук масштабдуу согушка чейин Орусиянын) тургундары — жеңилдетилген тартипте виза ала алышат: ал үчүн аз сандагы документ тапшырып, арзандатылган виза жыйымын төлөп, кыскасы, көп жолу киргенге мүмкүнчүлүк берген визаны алуу оңой. 

Кыргызстанда болсо Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле, жарандар шенген визаны «үчүнчү» өлкөлөрдүн жалпы шарттарынын негизинде, эч бир жеңилдиктерсиз алышат. Анын үстүнө «‎шенген» визаны алуу жылдан жылга кыйындап баратат. 

Европа биримдигинин расмий статистикасына ылайык, 2022-жылы кыргызстандык арыз ээлеринин ар бир бешинчи анкетасы четке кагылган. 

Графикте 2017-жылы чет элдик элчиликтер «шенген» берүүдөн анчейин деле активдүү баш тартпаганы көрүнүп турат. Бирок андан бери четке кагылган арыздардын орточо пайызы бир нече эсе өскөн. Натыйжада, 2022-жылы* 4 миңден ашуун арыз ээсине виза берилген эмес.

Эмне үчүн 2022-жылга карата гана?

Азырынча 2023-жылга карата маалымат жок, аны Европа биримдиги 2024-жылдын апрелинен эрте жарыялабайт. 

Азыр Кыргызстанда «‎шенген» алууга документтерди Европа мамлекеттеринин болгону үч элчилиги кабыл алат: Швейцария, Германия жана Венгрия. Алардын ар биринин Шенген аймагынын башка өлкөлөрүнө дагы виза берүү укугу бар. 

2022-жылдын жыйынтыгы менен, бишкектик Айтунукка виза бербей койгон дал ошол Швейцариянын элчилиги алдыга чыгып, 2021-жылга салыштырмалуу виза берүүдөн үч эсе көп баш тарта баштаган. 

Экинчи орунда Венгрия элчилиги турат. Ал визага документтерди кабыл алууну жакында гана баштаганына карабастан, 2022-жылы да виза берүүдөн баш тартуулардын пайызы өскөн. 

Айтунукка Венгриянын өкүлчүлүгүндө да виза берүүдөн баш тартышкан, бирок бул ирет 2023-жылы. Документ тапшыргандан кийин ага элчиликтен «акцент менен сүйлөгөн» киши чалган. «Жакында эле Швейцария [элчилигине документ] тапшырып, ал жактан баш тартышкан экен, анан эмнеге мени да виза берет деп ойлоп жатасыз?» — деген трубканын артындагы үн Айтунукка.

Түшүндүрүп берейин деген аракетине Айтунук: «Эмнени каалап жатканыңызды ким билсин. Мени сиздин түшүндүрмөңүз кызыктырбайт. Каалаган жакка учуп бара беребиз деп ойлосуңарбы? Мен сизге виза бербесимди айтайын деп чалдым», — деген жооп алган. Ушул сөздөрдөн кийин байланыш үзүлгөн. 

Эмне үчүн кыргызстандыктарга виза берүүдөн баш тартып жатышат?

Виза бербей коюуга негиз болгон себептер көп. Баш тартуу каттарынын бир нече бетинде жарыяланган расмий тизменин өзү эле 14 пункттан турат. Бирок эң эле көп кездешкен түрлөрү боюнча статистика жок.

Ошол эле кезде, Швейцария жана Германия элчиликтеринин комментарийлерине жана башка бейрасмий маалыматтарга караганда, көбүнчө жалган же болбосо туура эмес маалымат же документ берүү, эсепте акчанын аздыгы, элчиликтин сапардын максатына же маршрутуна «күмөнү» жана мекенге кайтпай коюу тобокелдиги себеп.

Мисалы, Эмилге Швейцария элчилиги виза берүүдөн баш тарткан — визасы аяктаганда Кыргызстанга келбей коёт деген күмөн саноо болгон. «Мен иш боюнча командировкага барышым керек эле. Документтин баары жайында болчу, чакырып жаткан тараптан да чакыруу келген эле, бирок [виза] бербей коюшкан. Болгондо да жообу бир нече күндөн кийин эле келген, башкача айтканда менин арызымда жакшылап деле карашкан эмес», — деп нааразы болду Эмил. 

Аты өзгөртүлдү

Материалдын каармандары өз окуяларын жашыруун шарты менен гана айтып берүүгө макул болушту, себеби ачык айтып берип салышса бул келечекте алардын шенген виза алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир этип коюушу мүмкүн деп кооптонушат. 

Ушундай эле окуя Жылдыздын да башынан өткөн. Ал убакта Жылдыз жигити менен Францияга барып эс алып келүүнү пландап жүргөн болчу. «Документтин баарын чогулттум. Виза боюнча тарыхым жакшы, маянам да жаман эмес, мүлкүм да бар деп ойлодум. [...] Эки күндөн кийин эле берилбейт деген жооп алдым. Орой айтканда, мага визаны элчи ал жакка туристтик максатта барып, эс алып келериме ишенбей койгону үчүн эле баш тартып коюшкан», — деп бөлүштү окуясын каарманыбыз. 

Аты өзгөртүлдү

Материалдын каармандары өз окуяларын жашыруун шарты менен гана айтып берүүгө макул болушту, себеби ачык айтып берип салышса бул келечекте алардын шенген виза алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир этип коюушу мүмкүн деп кооптонушат. 

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен «Клооп» жиберген катка шенген визасын берүүдөн баш тартуу көбөйүп жатканына «арыз ээлери Шенген аймагына мыйзамдуу саякатка барарын далилдеген жетиштүү сандагы документтерди бере албай жатканы» себеп экенин айтып жооп беришти.

«Мунун дагы кошумча себептери бар — бул документтерди кеч тапшыруу, анын себебинде элчилик өлкөгө кирүү мерчемделип жаткан күнгө чейин документтерди карап чыкканга жетишпей калат, ошондой эле Шенген аймагындагы бара турган жери менен анын максаты тууралуу күмөндүү маалыматтардын көбөйүп кеткени себеп», — деп түшүндүрдү өкүлчүлүк. 

«Клоопко» Германия элчилигинен да виза берүүдөн баш тартууга «жасалма документтерди тапшыруу чечүүчү себеп болот» деп жооп берип, «сапардын максатын алдабай айтып түшүндүрүү» кажет экенин белгилешти. 

Ал эми Венгрия элчилиги «Клооптун» сурам-катына жооп берген жок.

Виза алууга дагы эмнелер таасир этет?

Чындап эле виза берүүдөн баш тартууга дайым эле документтердеги кемчиликтер же алардын мыйзамдуулугуна карата күмөн саноолор себеппи? Чынында, дайыма эле андай эмес. Маалыматтар виза берүүгө дүйнөдөгү коомдук-саясий кырдаал да таасир этиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Мисалы, виза берүүдөн баш тартуу болгон убактардын бири 2020-жылга, дүйнө жүзү коронавирус пандемиясы менен алпурушуп жаткан маалга туура келген. Ошол жылы бир гана Кыргызстандан арыз бергендерге гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жарандарына да виза көп берилбей калган. 

2022-жылдагы баш тартуунун чокусу Украниадагы толук масштабдагы согуштун башталышы жана орусиялыктардын миграциясы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Алсак, The Insider басылмасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы виза берүүдөн баш тартуулардын саны Украинадагы согуштун шартында, «кыргыз паспорттору кадыр-баркы күмөн жараткан орусиялыктарга таратылганда» өскөн.  

Швейцария элчилиги «Клоопко» берген комментарийлеринде бул байланыш  тууралуу маалыматты бышыктаган жок. «Кыргыз паспортун алган орусиялыктар тууралуу конкреттүү маалымат жок. [...] Элчилик [паспорт алгандардын] тегин, этникалык таандыктыгын же динин териштирип, баа бербейт», — деп жооп берди өкүлчүлүк. 

Ал эми Германиянын элчилиги бул маалымат боюнча комментарий берген жок. 

«Жаш кыздар күмөн жаратат»  

Визаны алууга «өзгөчө» факторлор дагы таасир этет. Эгер сиз кыз киши болсоңуз – анда бул сиздин жаш курагыңыз жана үй бүлөлүк абалыңыз. 

Акмарал Бишкекте турат, жергиликтүү бейөкмөт уюмда иштейт, чет өлкөгө көп эле жолу чыгып келген. 2023-жылдын жай мезгилине эмгек өргүү алып, достору менен Европада эс алып келүүнү пландаган. Бардык документтерди, иштеген жеринен жана эмгек акысы тууралуу маалымкат, банктык эсебинин көчүрмөсүн, мүлкү жөнүндө маалымат жана башка керектүү документтерди топтоп, Венгрия элчилигине жөнөткөн. Бирок аягы «виза берилбейт» деген жооп алган. 

Аты өзгөртүлдү

Материалдын каармандары башынан өткөн окуяларды купуялуулук шарты менен гана айтып берүүгө макул болушту. Ачык айтып берген учурда келечекте шенген визасын алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир этиши мүмкүн деп кооптонушат. 

«Документ жана далилдер жетишсиз болуп калды деп жазышыптыр. Баш тартып коюшкандыктан өтө жаман болдум. Баргың келип, жарым жыл мурда эмгек өргүү алам деп пландап алсаң, анан эле теңирден тетири болуп калса жаман экен. Же себебин да түшүндүрүп коюшпайт. Шаабайың сууп калат экен», – дейт Акмарал. 

Эмгек өргүү эбак эле пландалып калгандыктан Акмарал аппеляция берүүнү чечкен. Бирок мында да виза берилбейт деген чечим чыккан. Баш тартуу катында Акмарал жаш жана турмушка чыга электиги айтылган. Ошондой эле айлык алган эсебинде акча жетишсиз экени көрсөтүлгөн, болбосо алган айлыгын которгон кадимки жеке жак эсебинде акча жетиштүү эле болгон. 

Ал эми Мээрим такыр башка окуяга кабылган. Ал туризм тармагында иштейт, 2023-жылы Италиядагы кесиптеши жана анын үй-бүлөсүнүкүнө конокко барып келүүнү пландаган. Визага тапшыруу процедурасын жеңилдетиш үчүн Мээримдин кесиптеши ага почта аркылуу «мөөр басылган, кат чындыгында эле Италиядан жөнөтүлгөнүн тастыкташ үчүн» итальянча жазылган чакыруу катын жөнөткөн. Он күндөн кийин Мээрим терс жооп алган.  

Аты өзгөртүлдү

Материалдын каармандары башынан өткөн окуяларды купуялуулук шарты менен гана айтып берүүгө макул болушту. Ачык айтып берген учурда келечекте шенген визасын алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир этиши мүмкүн деп кооптонушат. 

«Маанайым ушунчалык чөктү. Виза борборунан макул болбосоң апелляциялык арыз ташта дешти. Венгрия элчилигине бардым, ал жердеги кыз банкка барып апелляция арызы үчүн төлөмөйүнчө сени менен сүйлөшүп дагы койбойм деди. Ушунчалык жаман болуп чыктым ал жерден», — деп эстеди ошол күндү биздин каарман.

Аппеляцияны кантип тапшырат, эмне документтер керектигин элчиликтеги кыз ошол бойдон тактап бере албай койгон. Мээрим өз алдынча маалымат топтоп, акыры аппеляцияга тапшырып, бирок кайрадан терс жооп алган: «Эмнеге бербей коюшканын түшүнбөй ыйладым». 

Баш тартуу катында (венгер тилинен котормо) төмөнкүчө айтылат:  

«Никеси бар жаш келин Италиядагы эркек кишинин чакыруусу менен жалгыз барып келиш үчүн 30 күндүк эмгек өргүүсүн колдонуп жатканын биз караманча талаштуу маселе деп эсептейбиз. Эгер жалпы үй-бүлөлүк жана адамзатынын ортосундагы өз ара мамилелерге таяна турган болсок, бул жашоо-турмушка сыйбаган сыяктуу болуп турат».

Бирок ошол эле учурда Мээримдин расмий никеси жок, бирок катталбаган мамиледе турарын көрсөткөн. Ошондой эле катта кыздын эсебиндеги каражатка байланыштуу күмөн саноолор болгон жана апелляция берилген учурда авиабилет кайра кайтарылганы белгиленген. 

Виза берилбей калса акчаң күйүп кетет

Апелляциялык арызды шенген визасын ала албай калган ар бир адам тапшыра алат — бул учурда визалык анкета кайрадан тыкыр каралып, ал эми процесстин өзү жалпы бир нече айга созулуп кетиши мүмкүн. Бирок апелляциялык арыз тапшырунун өзү да чөнтөк кагат, себеби ал кадимки визалык жыйымга караганда эки эсе кымбат турат. Мисалы, Венгрия элчилигинде 160 евро, ал эми Швейцария элчилигинде 200 франк (230 доллардын тегереги) турат. 

Апелляциялык арыз тапшырып, бирок кайра эле терс жооп алган Мээрим, виза алам деп жүрүп «жөн жерден, кемсинип чыкканга 300$» жоготконун айтат.  

Ал эми Жылдыз апелляциялык арыз тапшырбай эле коюуну чечкен. «[Бул процесс] визага тапшыргандан да эки эсе кымбат турат. Эмне кереги бар, нервиңди коротуп жүрмөк белең, жөн эле койчу дешти мага», — деп түшүндүрдү Жылдыз.

Ошол эле кезде стандарттык визанын өзү деле арзан эмес. Учурда чет өлкөнүн элчиликтери визалык жыйым үчүн кыргызстандыктардан 80 евро алып жатат. Бирок иш муну менен эле бүтүп калбайт. Арыз ээлери документтерин виза борборлоруна жеткирип бериши керек — бул визалык анкеталарды чогултуу функциялары берилген жеке компаниялар. Алар өз кызматы үчүн киши башына 23төн 33 еврого чейин алышат. Бул жыйымдар виза берилбей калса кайтарылбайт. 

Аймактагы арыз ээлери дагы Бишкекке келиш үчүн чыгым тартышы керек болот, себеби визалык борборлор документтерди борбор калаада гана кабыл алат. Кошумча каржы тобокелдиктеринин арасында — сатып алып койгон авиабилеттер, отель жана башка мейманканалар, сатып алып койгон медкамсыздандыруу да бар. Виза берүүдөн баш тартуу болсо же аны алуу үчүн тапшырылган арыз узакка каралганынан айынан, жогоруда аталгандын баарына коротулганын акчанын баары жөн гана күйүп кетиши мүмкүн. 

Бул кырдаал оңолобу?

«Шенген» алууда кыргызстандыктарга жакын арада жеңилдиктер берилеби-жокпу белгисиз. 

2023-жылы, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийин «кыргыз тараптын кыргызстандыктар үчүн виза берүү режимин жеңилдетүү маселеси боюнча Европа биримдиги менен консультацияларды демилгелөө боюнча каалоосун эске алган». 

Бирок республиканын өкмөтү өз жарандарына шенген визаларын алууну жеңилдетип берүүнүн үстүндө иш алып барып жатабы же кандай, акыркы убакта бул боюнча расмий билдирүү же пресс-релиздерди көрө элекпиз.   

Мисалга, коңшу Казакстанда Европа өлкөлөрү менен визалык режимди жеңилдетүү боюнча бир нече жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым. Кезектегиси 2024-жылдын январында өткөн.

Мамлекет бул маселеде жарандарынын жашоосун жеңилдетип бергенге аракет кылып жатабы жана баш тартуулар көбөйгөнү, чиновниктердин пикиринде, эмне менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин кененирээк билиш үчүн Клооп» өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) кат жөнөткөн. 

Бирок ал жактан басылманын суроосуна жооп берүүдөн баш тартышты. ТИМ муну Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу боюнча сотко арыз берип, соттук териштирүүлөр болуп жатканы менен негиздеди. 

Бул тууралуу «Клоопко» дароо айтылган да эмес. Алгач биздин сурам кат каттоого алынган. Катка, адаттагыдай эле кириш номери ыйгарылып, аткаруучусу дайындалган. Маалымат алуу жөнүндө мыйзамга ыйлайык, биз жоопту 14 жумушчу күн күттүк. Бирок жооп келбегендиктен түшүндүрмө берүүнү суранып ТИМге кайрылдык. Бирок ошентсе да биз редакцияга жооп берилбей турганын пресс-кызматка бир канча жолу чалып атып, бир нече жумадан кийин араң билдик.

Материал дата-коммуникациялар боюнча ForSet стипендиалдык программасынын алкагында даярдалды.