Туманбаев Бишкекке курулат делген жаңы стадиондун макетин жарыялады

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкекте курулат делген 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы стадиондун макетин жарыялады.

Ал долбоор чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалганын айтып, курулушту УКМК төрагасы, футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев көзөмөлдөйт деп кошумчалады.

«Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз», — деди Туманбаев.

Буга чейин Министрлер кабинети стадиондун курулушуна борбор калаадан алыс эмес Орок айылынан 20 гектар жер бөлгөн. Бирок курулуш иштери так качан башталат азырынча белгисиз.