Архив сүрөтү. Борбор азиялык мигранттар Москвада полициянын кармоосунан кийин автобуста отурушат. Сүрөт: Эльёр Немат

22-мартта Москванын жака белинде теракт болду, бул Орусияда 2004-жылдагы Беслан окуясынан кийин турган ири теракт. 140тан ашык адам «Крокус Сити Холдун» концерттик залына кирип барган согушкерлердин курмандыгына айланды, алардын ичинде  эки кыргызстандык  кыз бар ыктымал делип атат. Москвада бул кылмышка шектелип тажикстандык тогуз жана теги кыргызстандык бир киши ТИЗОго киргизилди.

Айыпталып жаткан тажикстандыктардын төртөө сот отурумунун алдында кыйноого алынган (орус пропагандачылары муну кубаттап, кыйноону актаганга аракет кылышкан). Ал арада күч түзүмдөрү Борбор Азиянын жарандарын кармап, кээ бирин өлкөгө киргизбей жатат.

Кол салуу, соода күркөсүн өрттөө, депортация жана кармоолор — андан ары дагы эмне болот? «Клооп» бул тууралуу маектешүү үчүн Орусияда эмгектенген борбор азиялык мигранттар менен иш алып барган укук коргоочуларды кепке тартты.

Соода күркөсүн өрттөштү, өлкөдөн чыгарышты

«Биз негизи эң эле корголбогондордонбуз. Жада калса полицияга барган жокмун, себеби корком. Мени бул жерден сабап кетишкен — жаман болосуң, кемсинем мындан, бирок полицияда камап да коюшу мүмкүн», — дейт «Новая Газета Европага» маек курган Рахмон. Тажикстандыкка  Благовещенскте  аялы жана балдары менен жашап жаткан үйдүн алдынан эки бала кол салган.

Бул бир эле окуя. Орусияда ультраоңчулдардын Борбор Азиянын жарандарына кол салуусу «Крокустагы» теракты жасоого шектелгендер кармалып, кыйноого алынгандан кийин күчөгөн — бул тууралуу жабыркагандардын өздөрү жана мигранттар жардам сурап кайрылган укук коргоочулар да айтып жатышат.

Ошол эле Благовещенскте белгисиз кишилер мигранттардын соода күркөсүн өрттөп кеткен. Шаар мэри Олег Имамеев бул кол салуу «улуттук жек көрүүдөн улам болгон сыяктанат» деп билдирген.  Ал эми Калугада белгисиз адамдардын тобу көчөдөн Тажикстандын үч жаранын сабап, жабыркагандардын бири ооруканага түшкөн.

Хабаровск аймагында болсо оңчул топтордун мүчөлөрү мигранттардын жатаканасын курчоого алып, «мекендештериңерге өздөрүн кантип алып жүрүү керектигин айткыла деп» талап кылышкан. 

«Араңардан көбүңөр радикалсыңар. Мен силер нормалдуу экеңинерди түшүнөм. Бирок катуу ишенгендериңер… [таасирге] алдырып коёт…Биздин жаман көрөт, балдарды ар кандай кордошот. Бул жерде  бачабаздык  өтпөйт. Силердин бачабаздыгыңардан кийин башыңар кетет. Биз өзүбүздүкүлөр үчүн [кимдин болбосун] кокосун жулабыз», — дейт видеодогу киши.

«Крокустагы» терактан кийин күчөгөн ксенофобия ур-токмок аркылуу эле эмес, башка жагынан да кедергесин тийгизип жатат — мигранттар кардарлар тажик таксисттердин кызматынан баш тартып жатканына арызданышууда.

«Мени менен кеткиси келбеген кардарлар болуп жатат», — деп айтып берген «Новая Газета Европага» тажикстандык  Рустам . — Башында улутумду [сурап жатышты], тажик экенимди айтканда, [сапардан] баш тартып, “Тажикстандан болсоң, буйрутманы жокко чыгар. Келбей эле кой. Тажиктер менен кеткибиз келбейт” деп атышты».

Ушундай эле нерсе тамак-аш жеткирген кызматтарда да кездешип атканын Москванын кофекана тармактарынын биринде иштеген кыргызстандык  Дэн Манасов  «Клоопко» айтып берди.

«Бизге 24-март дем алыш күнү чалып, тамак жеткирип берүүнү суранышты — деп эстеди ал окуяны Дэн. — Телефондун ары жагындагы кардар аягында ага орус же орусча сүйлөгөн курьер келсин деп суранды. Биз болсо ишканабыз тамакты жеткирген адамды тандай албайт — аны курьердик кызматтын буйрутмаларды бөлүштүрүүчү ички автоматташтырылган системасы чечет деп айтсак, ал тамакка буйрутма берүүдөн баш тартып, жокко чыгарып салууну суранды».

Өң-түсү славян эмес курьерлерге карата мындай ксенофобиялык сөздөр болуп атканын укук коргоочу Александр Ким да тастыктады. Теракт болгондон бери ага кээ бир орусиялыктар азиялык таксист жана курьерлерди көргүсү келбей жатканы тууралуу арыздануулар түшүп жатат.

Сүрөт: Александр Ким

«Кошумча текшерүүлөр»

Мигранттарга басым мамлекет тараптан да күчөдү — мисалы, 27-мартта полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери Wildberries интернет дүкөнүнүн Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан кампасына рейдке барган. Алар ал жерден «кошумча текшерүүгө» деп 38 мигрантты алып кеткен.

Соцтүйүндөрдө мигранттар күч органдары тарабынан «тазалоо» башталганына арызданып жатышат. Алар Москванын аэропорттунда шаарга киргизбей жаткандыктан жерде же отургучтарда уктаганга аргасыз болушууда. Ошондой эле, аэропорттон чыга албай жаткандардын айтымында, документтерин алып коюп жатышат.

«[Бишкектен “Шереметьевого” конгондо] паспортторубузду бүт жыйнап алып, өзүбүздү бир бөлмөгө киргизип коюшту. Телефондорубузду да төрт сааттап текшерип, бербей кыйнашты. Бармагыбыздын мөөрүн алып, сөгүп-сагып, мажбурлап жатып кандайдыр бир кагаздарга кол койдурушту, — деп айтып берген аэропорттон чыга калбай калган кыргызстандыктардын бири “Азаттыка”. — Бир суткадан бери ачка отурабыз. Эч нерсе берген жок, жадагалса суу беришпеди. [...] Башында “кошумча текшерүү иштери” деп түшүндүрүп жатышкан, кийин сурасак урушуп эле эч нерсе айтпай калышты».

Мындай текшерүүлөр болуп атканын тажик адвокаты да тастыктады: «Терактан кийинки үч күн ичинде мага 500дөн ашык адам чалды. “Внуково” аэропортундагы Тажикстандын жарандары өлкөгө киргизүүдөн баш тартышканын айтышты. Аэропорттон аларга дароо өлкөгө кирүүгө 50 жылга тыюу салган документтерди беришиптип. Жада калса [Орусияда] жашоого уруксаты бар адамдарга да беришиптир».

Ал арада Кыргызстандын ТИМи жарандарын зарыл болбосо Орусияга такыр эле барбай коюуга чакырды — ал жакта чек арада текшерүүлөр күчөп, «терроризмге каршы иш-чаралар» жүргүзүлүп жаткандыктан.

Дагы эмнени күтсө болот?

Укук коргоочулар жана адвокаттар жакынкы жумаларда күч түзүмдөрү мигранттарга «расмий аңчылык» баштайт деп болжоп жатышат. Алар Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарын мээлемекчи. 

«Бул дагы башталышы эле. Азыр баары бир аз тынчып, анан бир же эки жумадан кийин адамдар көп чогулган жерлерде мигранттарга каршы массалык рейддер башталат, — дейт мигранттардын укугун коргогон  тажик адвокаты . — Себеби азыр мигранттар терактан кийин үйдөн чыкпай отурат, аларды себепсиз көчөгө чыкпагыла деп жатышат. Азыр күч түзүмлөрү, мисалы, “Нелегал-2024” деген сыяктуу операция жүргүзүү боюнча план кабыл алышат, анан ошол рейдде тажиктердин артына түшүшөт».

Анын айткандарын чыр-чатак, коопсуздук, тынчтык орнотуу жана өнүктүрүү жаатында иштеген көзкарандысыз эксперт Канатбек Абдиев да бекемдеди. Ал «Азаттыкка» курган маегинде терактан кийин бийлик жакын арада расмий деңгээлде кошумча жөнгө салуучу мыйзамдарды кабыл алышы мүмкүн экенин билдирди.

«Орусия президенти “[адамдарды] улутуна карап бөлбөш керек” дегени менен, анын расмий эмес риторикасы менен расмий эмес саясаты белгилүү улутту даңазалоого негизделген, муну батыш өлкөлөрү фашизмдин жаңы түрү деп атап жүрөт», — деп эсептейт ал.

Абдиев да күч түзүмдөрү мигранттарга каршы жаңы рейддерди жүргүзө баштайт же мисалы, «Русич» (неонацисттик топ, Украинада дагы согушуп жүрөт — ред.) деген сыяктуу расмий эмес бирикмелер жанданат деп ишенет. 

«Башкача айтканда, ксенофобия толкуну күчөп, көчөгө такырбаштар бейкүнөө адамдарды сабаган нөлүнчү же 2000-жылдарга кайтабыз — алар [ошол жылдары] мигрант Орусия паспортун алганына же алар Орусиянын башка аймактарынан: Бурятия, Якутия жана башка жерлерден  болгонуна карабастан сабашкан», — деп болжоду ал.

Эксперт мигранттар акырындап мекенине кайта баштайт, бул, балким, «чөлкөмдөгү өлкөлөрдө ички чыңалууну күчөтүп» — криминалдын же чек ара маселелеринин курчушуна түрткү кылышы мүмкүн деп эсептейт.

Ал арада Орусиянын Мамдумасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визалык режимин киргизүү керек дей башташты. «Ансыз чек арада тартип болбойт, азыр ал миграцияны жөнгө салып, террористтик чабуулдарга каршы туруш үчүн абдан зарыл болуп турат!» — деп билдирген «Справедливая Россия — За правду» фракциясынын төрагасы Сергей Миронов.

Укук коргоочу Александар Ким был сыяктуу билдирүүлөрдү популизм дейт.

«Эч кандай визалык режим болбойт, буга көзүм жетет. Бул жөн гана жарандардын арасында көп айтылган теманы көбүртүп-жабыртуу аракеттери. Бул жанагы пропагандачы ЖМКлар менен кээ бир блогерлер жан-алы калбай мигранттарга каршы темаларды чыгара бергенчелик эле нерсе. Бул эмес, муну менен эмне даярдалып атканы маанилүү», — дейт ал.

Кимдин пикиринде, мындан ары кыйын эле болот — эмгек мигранттары мүмкүн болсо мекенине кетип калганы оң.

«Мен Орусияда апартеид режими орноп калганына көзүм жетип турат. Ал коомчулуктун аң сезиминде орноду. Ошол эле кезде ал формалдаша элек, бирок аны формалдаштыруу үчүн баары даяр болуп калды. Эгер бийликке бул режимди формалдаштыруу керек болуп калса, аны өтө аз убакта эле кыла алат, — дейт ал. — Бул Борбор Азиядан келгендердер кайсыл бир кезектеги “мобилизациянын” же кайсыл бир “өзгөчө режимдин” же башка ушул сыяктуу нерселер маалында туруктуу эксплуатациянын курмандыгына айланышына  алып келиши ыктымал. Мен борбор азиялыктар өлкөдө режим демократизациялашканга чейин Орусиядан кетип эле калганы дурус деп ойлойм. Азыр Орусияда калуу өлөрчө коркунучтуу».

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

«Крокустагы» теракт Борбор Азиянын Орусия менен мамилесинде эмнени өзгөртөт?