Борбор Азиядан келген курулуш кызматкерлери иш күндүн аягында жатаканада эс алып жатышат. Алар Москвадагы курулуш объектисинде жайгашкан соода контейнеринде жашашат. Сүрөт: OCCRP

Москванын жака белиндеги Crocus City Hall’до болгон каргаша Борбор Азиядан Орусияга миграция агымын токтото албайт. Орусиянын алардан башка арзан жумушчу күч булагы жок, ал эми чөлкөмдүн тургундарында ошончо адамды кабыл алганга даяр башка өлкөсү жок. Мындан тышкары, мигрантофобия эмгек миграциясынан түздөн-түз пайда көргөн орус төбөлдөрүн дээрлик былк эттирген жок. Бирок бул баары мурдагыдай калат дегенди билдирбейт.

«Крокустагы» терактын Борбор Азиянын Орусия менен мамилесине кедергисин алдыда дагы баалаш керек болот: Бир жагынан караганда, пропагандачылар өлкө ичинде диний жана улуттар аралык жаңжал кооптуу болуп кетишин түшүнүп, айыпты «Ислам мамлекетинен» Украинаны көздөй ийгиликтүү оодарып жатышат. Ал эми чөлкөмдөгү мамлекеттер жарандарын ксенофобия басаңдагыча күтө турууга үндөп жатат: (Тажикстан) Орусия шаарларынын көчөсүнө көп чыкпоону, же (Кыргызстан) Орусияга такыр эле барбай турууну.

Башка жагынан, Орусиянын күч кызматкерлери Борбор Азиянын жарандарын миңдеп кармап, жүздөп депортациялап, чек араларда жана соода борборлорунда суткалап текшерип жатат

Мамдумада бардык мигранттардын маалыматын ревизия кылууну, өлкөдө жүрүү мөөнөтү өтүп кеткендерди депортациялоону жана акыркы беш жылда орус паспортун алгандарды кайра баштан текшерип чыгууну сунуштап жатышат.

Ал эми Орусиянын Эмгек министрлиги парламентке мыйзам долбоорун киргизди, ал боюнча иш берген тарапта мигрантты жумушка алуу мөөнөтүн эки жыл менен чектөө каралууда. Эгер кызматкер дагы деле керек болуп атса, компания кайра өтүнмө бериши керек, болбосо мигрант өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болот. Мигранттарды максатка ылайык жумушка алуу ишин, мыйзам долбооруна ылайык, атайын компания тескейт. Ушул эле компания кызматкерлер аны ишке алган тараптын колунда каларына көз салат. Кыязы, министрлик «куруучудан курьердикке секирүү» деген көптөн бери чечилбей келе жаткан маселени ушинтип чечсе болот деп жаткансыйт.
 
Бул шартта айрым мигранттар Орусиядан өз алдынча эле кетип калууну эп көрүшүүдө. «Клооп» Борбор Азия боюнча эксперттерди кепке тартып, эки тарап үчүн кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин сүйлөштү.

Ксенофобия курчуйт, бирок көпкө узабайт

Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги Фондунун илимий кызматкери Темур Умаров «Крокустагы» теракт эмгек миграциясын токтотуп, Москва менен Дүйшөмбүнүн союздаштык мамилесин солгундатат дегенге ишене бербейт. Ал Орусиянын алдында согуштун айынан ансыз да жумушчу күч тартуу маселеси курч турганын, башка арзан жумушчулар жок дейт ал. Владимир Путин өз кайрылуусунда террористтердин «улуту жок, болушу да мүмкүн эмес», кармалгандар болгону «Орусияга душмандардын» пешкасы деп, «Украинанын изин» кыйытты. Ал эми президент Рахмон жообунда алардын «мекени жана дини» жок деп, жарандарынан жүзүн бурду.

Бирок, жалпысынан «Крокустагы» теракт мигрантофобияга жана борбор азиялыктардын кодуланышына андан бетер жол ачууда, деп белгилейт Умаров. Ал эми теракт иши боюнча кармалгандарды эл көзүндө кыйноого алышкан видео эң эле катаал мамилени легитимдештирет, тажик улутундагыларга гана карата эмес, башкаларга карата дагы.

 «Орусия коомчулугунун ксенофоб бөлүгү этникалык сокур, ал тажиктерди, кыргыздарды, казактарды, өзбектерди, түркмөндөрдү айырмалаганды билбейт, — деп эске салды “Клоопко” эксперт. — Ал эми кээ бири Орусиянын өзүнүн бир катар элинин өкүлдөрүн да эч карама-каршылыкты сезбей мигранттардын катарына кошуп койгонго даяр. Мындан сырткары, эл алдына чыгып сүйлөгөн спикерлер азыр мигранттардын темасында тыюу салган бир нерсе сунуштай коюп, саясий упай топтосо болорун түшүнүп турат».

Бирок сунушталып аткандын баары кабыл алынары күмөн. Орусия өкмөтүнүн бери дегенде бир бөлүгү эмгек базарын мигранттарсыз элестете албайт. Ошондуктан терактка карата эмоционалдык реакция көпкө созулары факт эмес, дейт Умаров.

«Миграциялык кызыкчылык» күчүн жоготкон жок

Орусиянын алдыңкы 10 мамлекеттик жана мамлекетке чукул компанияларында канча борбор азиялык вахтачы иштеп атканы так белгисиз. Бирок ковид пандемиясы бул жүз миңдеген, ал эми курулушту алсак — бул миллиондогон адамдар экенин көрсөттү.

Борбор азиялык мигрант Москвадагы курулушта ширетүү иштерин жасап жатат. Сүрөт: OCCRP

Мисалга, 2020-жылы Мурмансктын Белокаменкасындагы коронавирустун очогу аталган «Новатэктин» бир эле курулушунда 11 миң вахтачы иштегени анык болгон, алардын басымдуу бөлүгү мигранттар болушу толук мүмкүн. Компанияга Путиндин эски достору, миллиардерлер Тимченко менен Михельсон ээлик кылат.    
«Газпром» дүйнө жүзү боюнча газ тазалоочу эң ири завод курган Амур облусунун Свободный шаарында 30 миң адам иштеген, басымдуусу мигранттар. Ошол эле кезде вирус жуктургандар менен оорубагандарды бир жерде кармашкан. «Газпромду» 20 жылдан бери Путиндин досу Алексей Миллер башкарып келет.
 
Ага чейин «Газпромдун» башка объетисинде — Якутиядагы Чаянды газ кенинде — 10 миң вахтачынын үчтөн бир бөлүгү коронавирус жуктурган. Ал жакта да ооруп жаткандар менен оорубагандарды бир эле жерде кармашкан. Натыйжада, эпидемия шартында начар тамакка, катаал мамилеге жана «айбанча» иш шартына нааразы болгон вахтачылар чуу көтөрүшкөн. Бул адамдар үчүн Путиндин досу — миллиардер Геннадий Тимченконун курулуш компаниялары жоопкерчиликтүү эле.  

Путиндин командасынын мүчөсү Игорь Сечиндин көзөмөлүндөгү ошол эле «Новатэк», «Газпромнефть» жана «Роснефттин» Ямалда жайгашкан кендеринде 2000-жылдардан тартып «он миңдеген» (башка маалымат боюнча, «жүз миңдеген») мигрант иштейт.

Орусия өкмөтүндө «миграциялык кызыкчылыкты» бейформал түрдө «Кремлдин биринчи айымы» Алина Кабаеванын атасы менен байланыштырылган курулуш боюнча вице-премьер-министр Марат Хуснуллин сүрөйт. Ал бул тармакты башынча кичи мекени Татарстанда, андан кийин Москвада башкарып, эми болсо федералдык деңгээлде жетектеп жатат. Хуснуллинди, Орусиянын Курулуш министрлигинин эсеби боюнча, 900 миңден ашуун мигранттын эмгегин пайдаланган курулушчулар менен коммуналчылардын кызыкчылыктарынын сүрөөнчүсү деп аташат.

Өзбекстандык ширетүүчү Баходыр Москвада курулуш объектисинде. Сүрөт: OCCRP

Бул сүрөмөлөөнүн күчү Владимир Путин курулушту экономиканын маанилүү кыймылдаткычы деп эсептеген ою менен бекемделип турат. Орусия өкмөтү хантинг компаниялары аркылуу мигранттарды массалык түрдө үйлөрдүн урандысын чыгарууга жана жаңыларынын курулушуна тартат. Ал эле эмес аларды окоп казуу жана согуштун өзүнө тартуу аракеттери да бар.

Путин менен биримдик үчүн мигранттарды курмандыкка чалышат

Мунун баары — өз тарыхында эң эле терең демографиялык катастрофаны баштан кечирип жаткан Орусияда мурдагы миграциялык саясатты сактап калуунун ачкычы. Бирок мигранттардын дүйнөгө дүң болгон терактарга катышуусунан кийин аларга карата мамилеге такалган маселелерде демократиялык өлкөлөр да өзүн дайыма рационалдуу көрсөтө бербейт, деп белгилейт казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов.

«Азыркы саясий жагдайларда орус этноулутчулдугунун жана Кремлдин ички жана тышкы душмандарынын тегерегиндеги биримдигинин өсүшү — бул Путин үчүн көксөгөн натыйжа, — деп билдирди ал “Клоопко”. — Ушул саясий максаттын мүдөөсү үчүн бир топ, анын ичинде тажикстандык жана борбор азиялык мигранттарды куугун кылган көптөгөн экономикалык пайдасыз курмадыктарга барышат. Аны Путиндин режими экономикалык солгунга жана Украинадагы согушту улантуу үчүн жалпы коомдук мобилизацияга карабастан мойнуна артууга даяр, муну качып кутула алгыс кыйыр таасири бар сокку десек болот».

Мындан сырткары, бийликтин мигранттарга карата көзөмөлдү күчөтүү боюнча демилгелери мамлекеттин коомчулукка көзөмөлдү күчөткөн контекстине да жакшы дал келип жатат. Ал жактагылар Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандарында иш тапканга варианттары көп деле эмес, андыктан алар кодулоого чыдайт деп ойлоп атышса керек, деп болжоду ал.

«Бирок Орусияда абал начарлай берет, Борбор Азия өлкөлөрүнүн режимдери Орусиянын эмгек рыногу алардын өсүп жаткан калкынын муктаждыгынан дагы да болсо кача турганга жол берет деп үмүттөнө бербей бул факторду эсепке алышы керек», — дейт Алжанов.

Баса, буга улай эле Борбор Азиянын ушунча сандагы мигрантын кабыл алуу колунан келген башка өлкө жок. Учурда, мисалы, кыргызстандыктар үчүн Корея, Улуу Британия, Жапония, Түркия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө, жалпы 25 мамлекетте жумушка орношуу боюнча бир катар расмий программалар бар.  Бирок ал жактарда талаптар күчтүү: көп учурда бара турган өлкөнүн тилин билүү, ден соолук абалын жана жөндөмүн текшерүү, келишим мөөнөттөрү салыштырмалуу кыска жана квоталар аз.

Ошондуктан эксперт Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарына өтө олку-солку саясий жана экономикалык жагдайларда эмгек миграциясынын оор шарттарына даярданышы керектигин айтат.

ДАГЫ ОКУҢУЗ:

«Өлөрчө коркунучтуу». «Крокустагы» терактан кийин мигранттарга Орусияда калуу кооптуу болуп калдыбы?