Кыргызча англис тилин окутуу. «Клооптун» акысыз «Окутул» онлайн-курсу башталды

Бүгүкү күндө билим алууда, жумуш издөөдө, дегеле жашоо-шартты жакшыртууда англис тилин билгендерге мүмкүнчүлүктөр көп. Анткен менен, бир гана кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө англисче үйрөнүү — кыйын. Кыргызстандагы тил үйрөтүүчү курстардын көпчүлүгү орус тилинде окутушат. Ушул себептен биз атайын англис тилин үйрөтүүчү курс иштеп чыктык. «Окутул» деп аталган колдонмо акысыз жана кыргызча гана сүйлөгөндөр үчүн.

«Окутул» – бул уникалдуу платформа, анын себептери:

  • Окутуу бир гана кыргызча жана акысыз.
  • Ар бир тема үчүн тест, көнүгүү жана видео сабактар бар.
  • Англис тилинин грамматикасы жалпак тилде түшүндүрүлөт.
  • Өзүңүзгө ыңгайлуу убакта сабактарды өтсөңүз болот.
  • Бизде окутуучулар катышкан сүйлөшүү клубу бар.

Азыркы учурда колдонуучулар үчүн алгачкы эки деңгээл жеткиликтүү.

Биринчиси тамгаларды жана тыбыштарды үйрөнүүгө, туура окуу жана туура сүйлөөгө багытталган. Бул баарынын башаты.

Экинчи деңгээлде базалык мезгилдер менен таанышып, англисче сүйлөм түзүп, өзүңүз тууралуу айтканды үйрөнөсүз.

Жаңы деңгээлдер акырындык менен кошулат.

Биздин окутуучу платформаны колдонуу эң жөнөкөй!

Сиз болгону Play Market (эгер телефонуңуз Android болсо) колдонмосунан GigaTurnip (Rinat Tuhvatshin) тиркемесин көчүрөсүз. Ал эми iPhone болсо же компьютерден окуган ыңгайлуу болсо веб-версия менен пайдаланасыз.

Өткөрүп жибербеш үчүн биздин телеграм каналга кошулуңуз, ошондой эле инстаграмдагы барагыбызга катталыңыз!

Колдонмого жана окутууга байланыштуу суроолор пайда болсо +996 220 03 52 26 (Whatsapp, Telegram) номерине кат жазыңыз.

Келгиле, англис тилин бирге үйрөнөлү!