Сынакка Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде даярдалган Уланмырза Карыпбаевдин «Кыялкеч» спектакили катышты. Карыпбаев «мыкты режиссёр» сыйлыгын жеңсе, Орозкулдун образын жараткан Канат Шабдалиев жана Света Абдыкадырова да сыйлыкка татыды.
«Туганлык» фестивалы 1991-жылдан бери уюштурулап келет. Быйыл ага 14 мамлекеттен абройлуу сыйлыктарды жеңип жүргөг жалпы 16 спектакль катышты.
Былтыр Ысык-Көл драма театры Азербайжанда өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун фестивалында баш байгени жеңген. Анда театр Султан Раевдин чыгармасынын негизинде коюлган «Күн кармаган бала» спектаклин көрсөткөн.