«Күн кармаган бала» спектакли ТҮРКСОЙ уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Азербайжандын Баку шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу 4-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Театр аталган фестивалда «Күн кармаган бала» спектаклин көрсөткөн. Аны Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде режиссёр Уланмырза Карыпбаев койгон.

Спектакль буга чейин «Арт Ордо 2023» эл аралык фестивалында да баш байгени багындырган. Андагы айрым кадрлар соцтүйүндүн колдонуучуларына кызуу талкууга жем таштаган.

Коомчулуктун бир бөлүгү сахнага актёрдун жылаңач чыкканына нааразы болуп, бул көрүнүш кыргыз менталитетине туура келбейт, уят дешкен. Бул боюнча Жогорку Кеңеште да айтылган.

Маданият министри Алтынбек Максутов сындап жаткандар спектаклди толук көрбөгөнүн айткан.

Ал эми чыгарманын режиссёру айрым көрөрмандар мааниси терең пьесанун бир эпизодун кыркып алып гана талашып-тартышып жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чындык жылаңач болот» — чуулгандуу «Күн кармаган бала» спектаклинин режиссёру