Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Ал мелдеште 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалга жеткен. Анда украиналык мушкерге жеңилип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште индиялык спортчуну уткан.

Мунарбек Сейитбек уулу өткөн жылы Ташкенде өткөн Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип, Кыргызстандын эгемен тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпионатында байгеге татыган алгачкы спортчу болгон.

Ушуну менен 15 кыргыз спортчусу Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Буга чейин балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, ошондой эле суучул Денис Петрашов, дзюдочу Эрлан Шеров жана жөө күлүк Илья Тапкин менен Сардана Трофимова лицензия алган болчу.