Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Ташкентте өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди. Бул Кыргызстандын тарыхындагы ушул спорттүн түрү боюнча дүйнө биринчилигинен уткан алгачкы байге.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Kyrgyz Republic Boxing Federation (@boxingkyrgyzstan)

Спортчу 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттеште Пуэрто-Риколук боксчуну жеңди. Андан соң Таиланддык спортчуну багындырып, кийин Мексикалык мушкерди утту.

Сейитбек уулу жарым финалга чыгуу үчүн тажик мушкерин жеңди. Ал эми жарым финалда жергиликтүү өзбек спортчусу менен кез келип, жеңиш атаандашынын пайдасына чечилди.

Мунарбек Сейитбек уулу — Азия чемпионатынын, студенттер арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Дүйнө чемпионаты коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат. Ал 30-апрелде башталган, мелдеш 14-майда жыйынтыкталат. Чемпионатка 100дөн ашык мамлекеттен 600дөн ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 13 мушкер катышып жатат.