Киев уюштурган Тынчтык саммитине Кыргызстан катышпайт

Кыргызстан Украинанын демилгеси менен уюштурулуп жаткан Тынчтык саммитине катышпайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Байсалов Кыргызстан Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалды токтотууга жан үрөй турганын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан Москвага жардам берүүгө кызыкдар эмес экенин кошумчалады.

«Украина менен көп убакыттан бери тыгыз байланыштабыз. Кыргызстандын өлкө башчысы башында эле биз Орусияга да, Украинага да бирдей мамиле кыларыбызды айткан. Эки өлкө тең бизге жакын Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз. Украина биздин себептерибизди түшүнөт жана биз бардык себептерди (саммитке катышпоонун) негиздеп бердик»,— деди ал.

2022-жылы 24-февраль күнү эртең менен Орусиянын президенти Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Орусия менен дипломатиялык алакасын үзгөнүн билдирген.