Зеленский: Украина Орусия менен дипломатиялык алакасын үздү

Украина Орусия менен дипломатиялык алакасын үздү. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралдагы брифингде билдирди.

«Москвада отургандар эмне деп гана ойлошпосун, Украина эркиндигин бербейт», — деди Зеленский Орусиянын кол салуусун фишисттик Германиянын СССРге кол салуусуна салыштырып.

Ал Украинанын куралдуу күчтөрү Донбасста, өлкөнүн чыгышында, түндүгүндө жана түштүгүндө «чындап эле катуу салгылашып» жатканын белгиледи. Анын айтымында, орус аскерлери чоң жоготууга учурап жатат.

«Душмандын жоготуусу алда канча көп болот. [Себеби] алар биздин жерге кирип келишти», — деди ал.Зеленский аймактык коргонуунун курамында курал көтөрүп өлкөнү коргоого даяр Украинанын бардык жарандарынан «санкцияларды» алууну дагы убада кылды.

Ошондой эле ал Орусиянын жарандарына кайрылып, Украинага каршы согушка нааразылык билдирүүнү суранды.

«Мен билем, бул маалыматты силердин телеканалдардан таптакыр көрсөтүшпөйт. Социалдык желеңерде көп маалымат жабык, бирок бөгөткө алуу жаман, улутту жок кылуу каалоосу — мүмкүн эмес. Тарыхты бөгөп коюу мүмкүн эмес», — деди ал орусиялыктарга кайрылып.

24-февраль күнү эртең менен Орусиянын президенти Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазып башташты. Украинанын ички иштер министрлиги Киевди канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен аткылап жатканын тастыктаган.