Кадамжай: Селден 5 жашар бала каза тапты, 1000ге жакын тургун эвакуацияланды

24-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, 5 жашар баланы агызып кетти. 1000ге жакын тургун эвакуацияланды.

ӨКМден билдиришкендей, сел Ак-Турпак, Молдо-Нияз, Исхак-Полотхан айылдарында жүрүп, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жер төлөсүн, Жеңиш айыл аймактык ооруканасынын жана балдар бакчасынын, мектептин короосун каптаган.

ӨКМдин куткаруучулары сел суулары кирген турак жайлардан 3 жашы жете элек баланы жана 2 тургунду куткарышты. Жеңиш айылынан болжол менен 1000ге жакын жашоочу, Ак-Татыр айыл аймагынын аэропорт тилкесинен 7 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлдү.