Кара-Суу: Журналисттер аким аларды коркутканын айтышты, окуя териштирилүүдө

Ош облустук милициясы Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында «журналисттер коркутууга кабылганы» тууралуу соцтармактарда тараган маалыматты териштирүүдө.

«Бул факт 26-июнда Кара-Суу РИИБге каттоого алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган окуяга тиешеси бар атуулдардын өздүгү такталып, тергөө кызматына камсыз болууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Сүрөт: «Кактус Медиа»

24-июнда «Ош ТВ» телеканалынын эки кызматкери материал даярдоо үчүн Кожокелең айылында баратып, «ажы той» өтүп жаткан жерде унаа тыгынына кабылган. Унаалардын арасынан Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык номур тагылган Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевге таандык унааны байкашканын айтышат. Медиа кызматкерлери акимдин иш убактысында тойдо жүргөнүнө кызыгып суроо беришкенде, ал тургундар менен жолугушууга келгенин айткан.

Журналисттердин маалыматында, ал айланасындагы кишилер менен бирге алардын телефон жана камераларын күч менен тартып алып, видеону өчүртүшкөн. Абыкеев «Кактус медиага» берген комментарийинде айтылгандардын баарын четке кагып, айыл тургундары менен жолугушуу өткөргөнүн айткан.

Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп өткөн жылы декабрда дайындалган. Ага чейин Чоң-Алай районун жетектеп келген. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.