Кара-Кулжа: Сел бир үй-бүлө бараткан унааны агызып кетти, үчөөнүн сөөгү табылды

Бул тууралуу «Азаттык» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянып жазды. Алдын-ала маалыматка ылайык, окуя 30-июнга караган түнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде болгон.

ӨКМден унаанын ичинде беш адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү болгонун билдиришти. Алар: 36 жаштагы эркек киши, анын 34 жаштагы аялы, алардын 12 жана 4 жаштагы уулдары жана 8 жаштагы кызы.

Маалыматка ылайык, окуя болгон учурда киши кызын жээкке чыгарып калууга жетишкен. Андан соң ал үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүн сактап калууга аракет кылган. Бирок ал буга жетише албай, аны, аялын жана эки уулун сел алып кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар 30-июндан 1-июлга караган түнү үй-бүлөнүн атасы менен апасынын жана 4 жаштагы уулунун сөөгүн табышкан. Ал эми 12 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.