Ноокат: 20 жаштагы жигит жол кырсыгынан каза тапты, алты адам ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунда 20 жаштагы жигит рулду башкара албай, каршы тилкеде келе жаткан унааны сүзүп каза тапты. Бул тууралуу 2-июлда «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 1-июль саат 16:00 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 20-чакырымында болгон. Анда Гулистан айыл аймагынын 20 жаштагы тургуну Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасы менен баратып рулду башкара албай, карама-каршы тилкеде келе жаткан 45 жаштагы жердешинин Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза таап, эки унаадан жалпы алты киши ооруканага түштү. Үчөө травматология, дагы үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Жандандыруу бөлүмүндөгү бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда.