TezJet компаниясынын Жалал-Абад, Баткенге каттамдары аткарылбай жатканы айтылды

«Азаттык» TezJet компаниясынын учактары Жалал-Абад жана Баткен облустарына эки күндөн бери учпай, каттамдар «Манас» эл аралык аэропортунун жадыбалынан алынып калганын жазды.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Жалал-Абад, Бишкек — Баткен, Бишкек — Раззаков каттамдары боюнча билет алып алган жүргүнчүлөргө эч кандай билдирүү жөнөтүлгөн эмес. Компаниядан бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

1-июлда Бишкектен Раззаковго багыт алган учак жарым жолдон борборго кайткан. Ага чейин, 13-июнда Жалал-Абадга жөнөгөн учак да дарегине жетпей кайра келген.

Азырынча «Манас» эл аралык аэпортунан каттамдардын жадыбалынан алынганы жана учактардын дарегине жетпей артка кайтканы тууралуу маалымат берише элек.