Кошуналар ызы-чуу чыгарып жатабы? Эми аларга милиция айып салышы ыктымал

ИИМ тургундарды ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо максатында «Коомдук тартипти сактоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Милицияга тынчтыкты бузгандарга айып салууга жол берген токтом долбоору 10-июлда коомдук талкууга коюлду.

«Айрымдар түндө үйгө ызы-чуу чыгарган кишилерди чакырып, музыка коюп, курулуш же оңдоо иштерин баштаса, телевизордун үнүн катуу коюп алып көргүсү келсе, алардын укуктары бузулбашы керек деп эсептейт. Эс алуу жана курулуш иштери көпчүлүк үчүн уйкусуз түндөргө айланышы мүмкүн», — дешти ИИМден.

Долбоор кабыл алынса милиция ызы-чууну өлчөөчү жабдык сатып алышы керек. ИИМдин бөлүмдөрдүн андай жабдык менен камсыздоого 44 миллиондон ашык сом керектелет. Министрлик акчаны тынчтыкты бузгандарга салынган айыптын эсебинен чогултууну сунуштоодо.

Укук бузуулар кодексине ылайык, тынчтыкты бузган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып каралган.