‼️Оштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов 18-сентябрга чейин камакка алынды

Image descriptionОштун мурдагы вице-мэри Жасур Азимов УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» 24-июлда Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Азимов «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелип жатат. Соттун 20-июлдагы токтому менен 18-сентябрга чейин камакка алынган.

Азимов вице-мэрлик кызматынан 2023-жылдын апрелинде кеткен. Ал эми кызматка 2018-жылы дайындалган — ал курулуш жана муниципалдык менчик тармагын караган. Азимов вице-мэр болуп турганда бир нече жолу чуулуу маселелерде аты аталган.