Оштун вице-мэри жана мэрдин кеңешчиси өз арыздары менен кызматтан кетти

Жасур Азимов жана Муктарбек Зулпукаров. Сүрөт: Коллаж

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров өз арыздарынын негизинде кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 5-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Азырынча бош калган кызматтарга кимдер дайындалганы боюнча маалымат бериле элек.

Жасур Азимов

Жасур Азимов кызматка 2018-жылы дайындалган — ал курулуш жана муниципалдык менчик тармагын караган. Азимов вице-мэр болуп турганда бир нече жолу чуулуу маселелерде аты аталган.

Мисалы, 2019-жылдын августунда, ага мас абалында унаа башкарганы үчүн 17,5 миң сом айып салынган. Соцтармактарда тараган тасмада Азимов сөгүнүп, ичимдик ичкенин мойнуна алган жана «Ташкенттен келген конокторго Лениндин эстелигин көрсөтүүнү каалаганын» билдирген.

Ал эми 2020-жылдын ноябрында Башкы прокуратура Кең-Сай массивиндеги 25 гектар жер 2,5 миллион сомго бааланып, жеке менчик ишканага мыйзамсыз өткөрүп берилгенин аныктаган. Анда жер сатуу боюнча келишимге кол койгон Жасур Азимов мэриянын аракети мыйзамдуу болгон деп билдирген. Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2021-жылы «Т-Медиа» басылмасы «Вице-мэр Азимов — миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү» делген иликтөөсүн чыгарган. Анда Азимов беш жылда 36,2 миллион сомдук тендерди утканы аныкталган — ал учурда Азимов окутуучу, депутат жана вице-мэр болуп иштеген.

Ошондой эле ал 2021-жылы апрелде жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышып, шайлоодон четтетилген.

Муктарбек Зулпукаров

«Т–Медианын» журналисттери өткөн жылы Ош шаарына жаңы мэр болгон Бакытбек Жетигеновдун кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров тууралуу маалыматтарды изилдешкен. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун арасында «чоң беделге ээ болгону» жана бозгун президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевдин оң колу болгону белгилүү болгон.

Ошондой эле 2010-жылы ага издөө жарыяланганы айтылган. Ал эми 2013-жылы милицияга өз ыктыяры менен багынып бергени жана ага мыйзамсыз куралдуу топ жана массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

Журналисттер Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына байланышып, бул маалыматты такташкан. Милициянын басма сөз кызматы Муктарбек Зулпукаров боюнча суроого ал «милиция тарабынан кармалып, иш толугу менен тергелип, соттун кароосуна жиберилген» деп жооп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Иликтөө: Вице-мэр Азимов миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү

Оштун вице-мэри мас абалда унаа айдаганы үчүн айыпка жыгылды

Мандатка илешпеген Оштун вице-мэри жана ССМдин координатору шайлоодон четтеттилди

Ош: Журналисттер жаңы мэрдин кеңешчиси Бакиевдин оң колу жана УКТ арасында беделдүү киши болгонун аныкташты