Долбоорго Ысык-Көл облусундагы үч айыл да кирген. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы баасы 48 млн долларды түзгөн долбоор Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ишке ашырылууда. Каражаттын 50 пайызы үстөгү жок насыя болсо, 50 пайызы — грант.
Долбоорду 2024-2028-жылдар аралыгында бүтүрүү пландалган. Мындан 109 миңден ашуун киши таза суу менен камсыз болот.
Буга чейин Баткендеги айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн 4,5 млн сомдук техника алынган.
Иллюстративдик сүрөт.