Баткендеги айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн 4,5 млн сомдук техника алынды

Баткен облусунун айылдарын таза суу менен камсыздоо үчүн жалпы суммасы 4 млн 491 миң 378 сомду түзгөн керектүү жабдыктар сатып алынды. Бул тууралуу 16-январда облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алынган жабдыктар Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Кыргыз-Кыштак жана Исхак-Полотхан айылдарына, Баткен районунан Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарына, Лейлек районунан Сумбула жана Бешкент айыл аймактарына тапшырылды. 

Жогоруда аталган сумманын 1 млн 87 миң 578 сому кеңсе жабдууларын алууга жумшалса, 3 млн 403 миң 800 сому суу системаларын эксплуатациялоо үчүн керектүү шаймандарды алууга жумшалган. 

Долбоор мамлекеттик бюджеттен жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, минкабдын колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылууда. Анын негизинде Баткен облусунун жалпы 43 айылын суу менен камсыздоо боюнча иштери жүргүзүлөт.

Таза суу менен камсыздоо жаатында иш-аракеттер жүрүп жаткан айылдардын басымдуу бөлүгү «өзгөчө макам берилген» айылдардын тизмесине кирет

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен жана Ысык-Көлдү таза суу менен камсыздоого эл аралык уюм 100 млн доллар берет