Ош: Дээрлик 5 млн сомго курулган социалдык дүкөндөр иштебей турат

Туран кичи районуна курулган соцдүкөн. Сүрөт: Kloop

Ош шаарында эки жыл мурда дээрлик 5 млн сомго курулган 7 социалдык дүкөндүн бири гана иштеп жатат. Бул дүкөндөр муктаж үй-бүлөлөргө эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10%га арзан сатуу үчүн ачылган, бирок дүкөндөр ачылган соң аз эле убакыт иштеп, учурда имараттары каралбай турат. Ал эми мэриядан «Клоопко» аталган дүкөндөрдү иштетүү үчүн сынак жарыяланганын айтышты, бирок качан ишке кирери белгисиз. 

Мамбетовдун долбоору

Сүрөт: Ош мэриясы

Социалдык дүкөндөрдү ачуу демилгеси — Ош шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетовго таандык. Долбоордун максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арзан азык-түлүк сатуу болгон. 

Дүкөндөр шаардагы Абдыкадыров, Мамыров, Төлөнов көчөлөрүндө, Кулатов, Манас-Ата, Туран кичи райондорунда жана Кеңеш айылында ачылган.  Социалдык дүкөндөрдүн имаратын куруу үчүн Ош шаарынын мэриясы тендер жарыялап, аны «СК ОлимпГрупп» компаниясы 4 млн 756 миң сомго утуп алган.

Мэрия дүкөндөрдү ишкерлерге арзан баада ижарага берип, аны алар иштетмей болушкан. 

Анткен менен дүкөндөрдүн бешөө учурда кароосуз турат — Манас-Ата кичи районундагы дүкөн болсо сүрдүрүлгөн. Ал эми бир гана Мамыров көчөсүндөгү дүкөн учурда эки бөлүккө бөлүнүп иштөөдө — бир тарабында эт, экинчи бөлүгүндө телефон аксессуарлары сатылып жатат. 

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дастан Мурзалиев «Клоопко» учурда дүкөндөрдү кайрадан иштетүү үчүн ишкерлерге сынак жарыяланганын билдирди.

Анын айтымында буга чейин дүкөндөр бир нече жолу ижарага берилген, бирок ишкерлер тарабынан талаптар аткарылбай ишке кирбей калган. Ошондой эле Мурзалиев учурда дүкөндөргө ун, эт, сүт, кумшекер жана майдан сырткары мөмө-жемиш жана башка азык-түлүктөрдү да сатууга уруксат берүү каралып жатканын кошумчалады. Бирок сынак качан аяктап, дүкөндөр качан ишке кирери учурда белгисиз. 

Сентябрь айынын башында Кыргызстанда уй этинин баасы өсө баштаган. Өлкөдөгү орточо баа 20-сентябрга карата 600 сомдон ашкан. 6-сентябрда министрлик ири мүйүздүү мал, жылкы жана майда жандыктарды экспорттоого убактылуу тыюу салган.

Негизинен өлкөдө азык-түлүктүн баасы пандемиядан кийин кескин өсө баштаган. Анда «Клооптун» журналисттери анализ жүргүзүп, азык-түлүктүн баасы дагы да кымбаттай берерин, ал эми элдин кирешеси азая турганын аныктап чыгышкан

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азаят