2005-жылдагы революциянын жыйынтыгында бийликтен кеткен Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев «Накта» подкастында эмнеге экс-президент макамын расмий кайлыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылганын айтып берди.
Акаев аны мыйзам чегинде жана конституциялык негизде макамынан эч ким ажыратпаганын белгиледи.
«2005-жылы мен президенттиктен кетээр замат президент Бакиев комиссия түзүп, мага коюлган күнөөнүн баарын ошол комиссия карап чыккан. Эч бир негиз, дадил тапкан эмес. Ошого 2008-жылы Бакиев “Акаевди экс-президенттик наамдан ажыратыш керек” деп парламентке киргизген. Бакиевдин парламенти жаңы шайлоо өткөрүп, көпчүлүгү өзүнүн тарапташтары болчу. Жада калса ошолор карап, кыйналып-кысталып, бийлик басым кылды да, [ошол кездеги башкы прокурор] Бекназаров, [вице-премьер Данияр] Үсөновдун комиссиясынын натыйжасын көрүп “эч негиз тапкан жокпуз” дешкен», — деди мурдагы президент.
Акаевдин айтымында, 2010-жылы утурумдук өкмөттү башкарган Роза Отунбаева менен анын ошол кездеги орун басары Азимбек Бекназаров «мыйзамсыз экенин билип туруп», аны экс-президент макамынан ажыратуу маселесин кайра көтөрүп чыгышкан.
«Койгон күнөөсү баягы эле: биринчиси — байлык, экинчиси — Аксы окуясы, үчүнчүсү — Кытай, Казакстан чек ара маселеси. Ушул үч күнөө менен декреттин негизинде мени макамдан ажыратышкан. Декрет Конституцияга каршы келет. Кыргызстандын ошол мезгилдеги, мурдагы жана кийинки мыйзамдарына каршы», — деди ал.
Кеп кайсы окуя жөнүндө болууда?
Акаев 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы тынч демонстранттарга ок атылган окуя жөнүндө айтууда. Анда алты киши каза болгон. Жергиликтүү тургундар Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине нааразылык билдирип, ал акцияга алардын ошол кезде парламенттин депутаты болуп турган жердеши Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон.
Акаев буга чейин Кыргызстанды Бакиев, Отунбаева жана Атамбаев башкарып тургандыктан, экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен парламентке кайрылбаганын кошумчалады. Анын айтымында, бул президенттердин тушунда кайрылганда «маселе терс чечилмек, а бүгүнкү бийлик көбүнчө элдин кызыкчылыгында, адилеттүү бийлик жүргүзүүдө». Ал ошондой эле экс-президент макамын кайтарып алууда эч кандай материалдык кызыкчылыгы жок экенин белгиледи.
«20 жыл экс-президенттин бир дагы артыкчылыгынан пайдаланган жокмун. Мындан ары да артыкчылыктан пайдаланууну каалабайм, үмүттөнбөйм», — деди ал.
Буга чейин Аскар Акаев Кыргызстандын экс-президенти макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. 25-сентябрда парламент анын бул өтүнүчүн четке какты. Мурдараак Минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Акаевдин экс-президент деген макамды сактап келе жатканы «талашсыз» экенин билдирген.
Азыр экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар. Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик коргоо, медициналык тейлөө, акчалай жардам, мамлекеттик дачалардын бири жана башка көптөгөн нерселерди алышат. Мунун баары мамлекеттин эсебинен.
Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Анын бийлиги өлкөдөгү коррупция, бийликти узурпациялоо, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында өткөн тынчтык митингинде жарандарга курал колдонуусу менен эсте калган.