Министр кышында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбейт деп ишендирди

Image descriptionЭнергетика министри Таалайбек Ибраев кышында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбей турганын, бирок жөнгө салуу иштери болгондо жарым же бир саатка өчүрүлүшү мүмкүн деп билдирди.

«Трансформаторлордун кубаттуулугу чектелүү, ашыкча колдонулса өрттөнүп кетет. Ошондуктан колдонуу 90 пайызга чейин жеткенде өчүрүлүп, башка фидерлерге которулуп, жөнгө салуу иштери болот. Электр энергиясы ошол учурда жарым же бир саатка өчүшү мүмкүн», — деди ал.

Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычына суу былтыркыга караганда көп топтолгонун айтып, бир айда дагы 200 млн куб метр суу топтоп алуу пландалганын белгиледи.

Мындан сырткары ал казынадан акча бөлүнүп, Бишкек ЖЭБинде капиталдык ремонт жүрүп жатканын кошумчалады.

Былтыр электр энегиясынын тартыштыгынан улам энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал 2026-жылдын аягына чейин уланары айтылган.