Жапаров кышында электр энергиясы таңкыс болорун эскертип, элди энергияны үнөмдөөгө чакырды

9-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кышында өлкөдө электр энергиясы таңкыс болорун эскертти. Ал мунун себебин суунун жылдагыдан аз болгону менен түшүндүрдү.

«Электр энергияны үнөмдөп колдонолу. Керек болсо, кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер жок эле дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак. Эгер электр энергиясынын маселеси жол салуу, мектеп куруу сыяктуу көйгөй болгондо, азыр мектептерди, жолдорду салып жаткандай кылып эле бир жылда чечип коёт элек», — деди ал. 

Ошондой эле Жапаров азыркы тапта бийлик куруп жаткан ондогон ГЭСтин тизмесин жарыялады. Ал «ГЭСтер курулуп бүтөрү менен маселе чечилет, 30 жыл чыдап келген жаныбыз, дагы 3 жыл чыдап коёлу» деп элге кайрылды.

«ГЭСтерди курууга убакыт, кылдаттык, татаал долбоорлор талап кылынат экен. Башка өлкөлөрдөн, мисалы, Орусия, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу [электр энергиясын] импорттоп алуудабыз. Бирок кыштын күнү бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге Казакстан менен Өзбекстандын аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем», — деди ал.

Аны менен катар, Жапаров президент жүргүзгөн сүйлөшүүнүн натыйжасында коңшу өлкөлөрдөн кышында электр энергиясын алып, жайында анын орудна «сууну генератор аркылуу агызып жатабыз» деп кошумчалады.

Электр энергиясынын таңкыстыгы

Өлкөдө электр энегиясынын тартыштыгы көбөйүп жаткандыктан 2023-жылдын 1-августунан тартып энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президенттин жарлыгына ылайык, режим 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Мамлекет таңкыстыкты коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо жана жер-жерде жарыкты маал-маалы менен өчүрүү аркылуу жоюуга аракет кылып жатат.

Бирок быйыл таңкыстыкка байланышкан жагдай курчуп кетиши мүмкүн, себеби өлкөнүн электр энергиясын берген башкы булагы — Токтогул суу сактагычы — сууга толбой жатат.

2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Келерки кышта үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салуу пландалып жатат

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагына эмне үчүн ӨК режимин киргизгенин айтты