Ички иштер министрлиги быйылкы жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 567 учуру катталганын билдирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га же 2055 учурга көп.
Маалыматка ылайык, зомбулукка кабылган 9 425 адамга коргоо ордери берилсе, алардын 8 976сын аялдар, 449ун эркектер түзөт.
Ошондой эле «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен 2611 протокол түзүлүп, натыйжада 1285 адам камакка алынса, 933 киши коомдук иштерге тартылган.
Улуттук статистика комитетинин эсептөөсүнө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны 2015-жылдан бери алты жылда дээрлик үч эсеге өскөн. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт.
Эгерде сиз жолдошуңуз же бейтааныш адам тарабынан зомбулукка кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.