Эмгек министрлиги зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизди

Маданият министрлиги зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү үчүн «МойПлан» мобилдик тиркемесин ишке киргизип жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева санариптештирүү үй-бүлөнү жана балдарды коргоонун негизги механизмдеринин бирине айланып баратканын белгиледи. Анын айтымында, иштелип чыккан мобилдик тиркеме аялдарга жеке коопсуздугун пландоого көмөктөшөт.

Долбоордун автору, Аризона мамлекеттик университетинин профессору Жил Тереза Мессингдин айтымында, тиркемени иштеп чыгууга бир жыл убакыт кеткен.

«Кризистик борборлордогу аялдар менен иштешип, тиркемени Кыргызстанга ыңгайлаштыра алдык. Аны кыргыз жана орус тилдеринде акысыз колдонсо болот. Тиркеме план-картаны элестеттирет, анда негизги ченемдик-укуктук актылар, байланыш жолдору, документ, жөлөкпул, алимент, коргоо ордерин алуу процедуралары бар. Тагыраагы, зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам кыла турган каражаттын баары бар», — деп түшүндүрдү ал.

Мессинг тиркеме ар бир жаш үй-бүлөгө, зомбулуктан жабыркаган бардык эле адамдарга пайдалуу деп белгиледи.

«Биз зордук-зомбулукка каршы универсалдуу ыкмасы жоктугун түшүнүшүбүз керек. Бирок биз адамдарга зомбулуктун алдын алуунун каражаттарын бере алабыз», — дейт долбоордун автору.

Кыргызстанда аялдарды өлтүрүү

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.


*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Эгерде сиз шеригиңиздин зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Кризисттик борборлордун даректери:

«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640

«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423

«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777

«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976

«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461

«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890

«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084

«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;

«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550

«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637

«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү