11-ноябрда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосундагы балдар аянтчасында мурдагы күйөөсү аялды уруп, андан соң чачынан кармап сүйрөгөн.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» окуя кечки саат 9дарда болгонун билдиришти. Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мурдагы күйөөсү балдар аянтчасында ага дагы күч колдонорун айтып коркуткан.
Милиция кызматкерлери 34 жаштагы тургунду Райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен протокол түзүлдү.