Депутат Бекешев Бишкектин жолдоруна троллейбустарды кайтарууга чакырды

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында бийликти Бишкектин жолдоруна троллейбустарды кайтарууга чакырды. Ал шаарда коомдук транспорт жетишпей жатканын белгиледи. 

«Троллейбустар жок, адамдар жумушуна жана окуусуна өз убагында жете албай жатат. Шаардыктардан өтө көп даттануулар болууда. Качан коомдук транспорт маселеси чечилет? Кандай болгондо да троллейбустарды каттамга чыгаруу керек», — деди ал. 

Бекешев ошондой эле Батыш автобекетинин көчүрүлүшү менен аймактардан келген жашоочулардын Бишкекке жетиши оор болуп калганын белгиледи. 

«Башка аймактарда жашагандар үчүн ого бетер оор кылып койдуңар. Алар иштегени, дарыланганы, окуганы келишет. Аларды автобекет деп аталган жерге жеткирип, “мындан ары өзүңөр кеткиле” деп жатышат. А алар кантип өзүлөрү кетиш керек? Жаңы автобекет — бул жакшы. Бирок эскисин бузганга чейин алгач [жаңысын] куруу керек да», — деди депутат. 

Май айынын башында Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берип, алардын ордуна 120 электр автобус алары белгилүү болгон. Жергиликтүү активисттер электробустардын аккумулятор батареяларын экологиялык жактан коопсуз сактоо жана утилдештирүү маселеси жараларын айтып, бул чечимге каршы болууда. 

29-августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин жактырган. Мындан тышкары калаа бийлиги Нарын шаарына алты, Баткен облусуна тогуз троллейбус берген.