Аза кызматын көрсөтүү агенттигин Адилет Билимбек уулу жетектейт

Image descriptionТишелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
 
Билимбек уулу мурда «Ала-Арча» резиденциясында директор болгон. Үстүбүздөгү жылдын майынан тарта «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасын жетектеген.

Жыл башында Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде текшерүү жүрүп, жемкордук, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана тааныш-билиштик менен ишке орноштуруу учурлары аныкталган. Жетекчиси Төрөхан Жунусбеков кызматтан алынып, ордуна Улан Дүйшөнов келген. Анын эмнеге иштен кеткени азырынча белгисиз.