Аудит «Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде» көптөгөн мыйзам бузууларды тапты — Кадырбек Атамбаев

Бишкек мэриясы шаардык кеңештин «Социал-демократтар» фракциясынын сураначы менен «Бишкектин аза кызматын көрсөтүү агенттигинде» аудит жүргүзүп, коррупция, тааныш-билиштик жана кызматтан кыянат пайдалануу фактыларын аныктады. Бул тууралуу 18-июлда шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы барагында билдирди.

Атамбаевдин айтымында, аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында агенттиктеги иштер «ЖМКдагы айтылган же депутаттар айткандан да начар экени» билинген. Депутат расмий аудиттин айрым чоо-жайын айтып берди.

Көрүстөндөгү башаламандык

Атамбаев бөлүшкөн маалыматка ылайык, мэриянын адистери 2021-2022-жылдары Түштүк-Батыш көрүстөнүндө көптөгөн мыйзамсыз жерге берүү учурлары аныкталып, анын баары аза кызматынын жетекчилигинин уруксаты менен болгонун аныкташкан. Аудиторлор каттоо журналы көрсөтүлбөгөнүн, себеби ал жок болуп чыкканын белгилешкен.

«Аталган фактылар коррупциялык көрүнүштөрдөн жана аза кызматынын жетекчилиги менен жооптуу адамдарынын көзөмөлү жоктугунан улам мэриянын тескемесин бузуу жолу менен жабык Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн аймагында мыйзамсыз жерге берүү иштери жүрүп жатканын көрсөтүп турат», — деп айтылат документте.

Ушуга эле окшогон жагдай калаанын Түндүк көрүстөнүндө дагы бар. Аудиттин маалыматына ылайык, 2020-жылдан тартып бул жерде маркумдарды жерге берүү кескин өскөнү байкалган. Маркумдар мурда ушул эле жерде акыркы сапарга узатылган туугандары менен туугандык байланышы жөнүндө тийиштүү документтери жок эле массалык түрдө жерге берилип жатканы аныкталган. Бул көрүстөндө да каттоо документтери жүргүзүлбөгөнү белгилүү болгон.

«Каттоо журналы жок болгондугуна байланыштуу көрүстөнгө канча сөөк коюлганын аныктоо мүмкүн болгон жок, башкача айтканда маркумдарды журналга каттабай эле жерге берүү жүргүзүлгөн», — деп белгилешкен аудиторлор.

Финансыны мыйзамсыз бөлүштүрүү

Мындан тышкары, аудиттин маалыматы боюнча, Аза кызматын көрсөтүү агенттиги муниципалдык мүлктүн ижарасынан түшкөн 494 миң сомду жеке муктаждыгына жумшаган. Натыйжада жергиликтүү бюджетке 653 миң сом зыян келтирилген.

Ошондой эле аудит агенттик алдын ала каралган чыгымдарды жана коллективдин ишинин жыйынтыгын эске албастан 4,4 млн сом негизсиз премия төлөнгөнүн аныктаган. Жалпысынан негизсиз үстөктөр менен сый акылардын суммасы 2020 жана 2021-жылдары 7,6 млн сомду түзгөн.

Ошентип, финансылык бузуулардын жалпы суммасы 2,8 млн сомду түзгөн. Анын ичинде:

  • «агенттикте жок же иштебеген адамдарга» бөлүнгөн мыйзамсыз маяна — 37 миң сом;
  • электриктерге бөлүнгөн мыйзамсыз маяна — 1 млн сом;
  • темир конструкцияларды мыйзамсыз сатуу — 248 миң сом;
  • саны чыкпай жаткан үч боз үй — 420 миң сом;
  • саны чыкпай жаткан негизги каражаттар (муздаткыч, чөп чапкыч) — 58 миң сом;
  • саны чыкпай жаткан транспорт каражаттары — 1 млн сом;
  • саны чыкпай жаткан жылкы— 45 миң сом.

Аза кызматындагы «жок кызматкерлер»

Аудиттик текшерүү агенттиктин кээ бир кызматкерлеринин иш убактысы жалган экенин дагы аныктаган. Иш жүзүндө алар сегиз саат иштебей эле Аза кызматынын администрациясы менен оозеки келишип алып, «ийкемдүү иш тартиби» менен иштеп жүрүшкөн.

Андан тышкары, агенттиктин жетекчилиги Эмгек кодексинин «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү» мыйзамын бузган. Атап айтканда, аудиттин маалыматына ылайык, агенттикке ишкананын директору Төрөхан Жунусбековдун тууганы Мырзакан Бейшенбек уулу электрик болуп жумушка алынган. Бирок Бейшенбек уулуна жумушка чыкпаса да маяна төлөнүп турган.

Аудит агенттиктин директору Жунусбеков кызматтык унааны жеке максатта пайдаланганын да аныктаган:

«“Аза кызматын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору Т.Б. Жунусбеков кызмат абалынан пайдаланып, 2010-жылы чыккан Mercedes-Benz Viano үлгүсүндөгү атайын сөөк ташуучу унаа менен өзүнүн кичи мекени Талас облусуна жеке иштери (алма терүүгө) менен үч жолу барып келген».

Аудиттин корутундусуна ылайык, Жунусбеков өзү менен кошо ишкананын кызматкерлерин да алып барган. Алар: АХТнын бөлүм башчысы, Hyundai-рефрижератор атайын унаасынын айдоочусу жана Mercedes-Benz Sprinter унаасынын айдоочусу.

Акыркы жолу барганда Hyundai-рефрижератордун айдоочусу итти коюп кетип, унаанын бампери сынып, радиатору тешилип агып калган. Рулда Кыдыралиев Ш. болгону, ал айдоочулук күбөлүгү жок болгонуна карабастан 2022-жылы ишке алынганы белгилүү болгон. Ишкананын директору аны айдоочулук күбөлүгү жок экенин билип туруп айдоочу кылып дайындаган.

Эми эмне болот?

Атамбаевдин айтымында, мэриянын расмий аудити «Бишкектин аза кызматын көрсөтүү муниципалдык ишканасынын күнөлүү жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүнү» сунуштаган. Ошондой эле аудиттин материалдары Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине өткөрүп берилген.

Бирок депутат Свердлов районунун прокуратурасында иштин документ кызматтык колдонуу үчүн деп белгилеген «жашыруун бөлүгү» да бар экенин, аны менен шаардык кеңештин депутаттары азыркы тапта тааныша алышпасын белгиледи.

Бишкек мэриясынын жана «Бишкектин аза кызматын көрсөтүү агенттигинин» басма сөз кызматтары аудит боюнча «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартышты.

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин иши

2022-жылдын декабрында Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрахан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадыр Атамбаев менен «Бишкек 24» басылмасын сотко берген. Анда Жунусбеков Атамбаев менен аталган басылма аны агенттиктеги коррупцияга айыптап, «негизсиз каралап» жатат деп билдирген.

Ага чейин Атамбаев «Бишкек 24» басылмасынын журналисттеринин иликтөөсүнө таянып, Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде коррупция күлдөп жатканын билдирген. Ал жактагы коррупция тууралуу агенттиктин өзүнүн кызматкерлери айтып беришкен.

Кызматкерлер жабык Түштүк-Батыш көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынганына карабастан ал жакта бүгүнкү күнгө чейин «чон акчага» сөөк коюу уланып жатканын билдиришкен.

8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жунусбековдун пайдасына чечими чыгарып, депутат менен басылманы аза кызматынын башчысына моралдык зыян үчүн 30 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Автору: Медина Шамшидинова.