Ош шаарындагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктүн үстү жабылып жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгы 3 492 536 сомго тендер жарыялап, аны өтмөктү курган «Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсы утуп алган. Курулуш иштери ноябрдын аягында аяктайт.
«Кышында өтмөктөгү карды эритүү үчүн туз жана башка заттар колдонулат. Бул бетондун сапатын начарлатат экен. Ошонун алдын алуу үчүн үстүн жеңил конструкция менен жаап жатабыз», — деди Пайзиев.
Курулуш жергиликтүү бюджеттен каржылатанат.
«Быйыл акча жок, куруучулар өз эсебинен куруп, иштеп жатат. Кийинки жылдын бюджетинен каражат бөлдүрүп беребиз», — деди Пайзиев.
Бөлүнгөн акчага өтмөктүн жана лифттердин үстү жабылып, ар бир лифттин алдына башкаруу панелдери жана экран орнотулат. Бардык лифттерди бир адам көзөмөлдөйт.
Ош мэриясы өтмөк курууну 2021-жылы пландаган. Алгач өтмөктүн үстү жабылмак болуп, кийин анын оордуна лифттер орнотулган.
Кар жаагандан кийин өтмөктүн тепкичтеринин үстү жабылган эле.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн 45,3 млн сомго курулган өтмөк 2023-жылы августта пайдаланууга берилген, ал эми эксплуатация 2023-жылдын декабрында гана өткөн.