Масалиев проспекти. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаарынын мэриясы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишине жергиликтүү бюджеттен 45,3 млн сомго жөө жүргүнчүлөр үчүн айланма өтмөк кура баштады. Калаа бийлиги долбоор ишке ашса жол тыгыны жоюлат деп ишендирүүдө.

Анткен менен практикада мындай курулуштар пайдаланылбай, тескерисинче тыгынды көбөйтөт. Ал эми Peshcom демилгесинин урбанисти Алтынай Нойгойбаева өтмөк маселени чечпей турганын тастыктап, «Клоопко» альтернативдүү варианттар боюнча кенен түшүндүрүп берди.

Мэриянын долбоору

Долбоордун эскизи

Ош мэриясынын өтмөк куруу планы 2021-жылда эле белгилүү болгон. Андан бери мэр алмашып, үстүбүздөгү жылдын башында шаар бийлиги бул демилгени кайрадан көтөргөн. Мэриянын соцтармактагы баракчаларында бул демилге кескин сынга кабылган.

Соцтармак колдонуучулары өтмөктөрдөн «эч ким өтпөсүн» айтышып, «бул жөн гана акчаны жана убакытты текке кетирүү» деп баалашкан. Ошондой эле тургундар мэрияга алгач таза суу, жолдордун абалы сыяктуу башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү сунушташкан.

Анткен менен Ош мэриясы курулуш «жол тыгыны көйгөйүн чечип», «пайдалуу болот» деп ишендирип келүүдө. Калаа бийлиги курулуш иштерин баштоо үчүн 13-апрелде тендер жарыялап, ага 46 млн 367 миң 318 сом коротууну пландаган.

Конкурс 27-апрелге чейин уланып, аны «Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсы уткан — компания өтмөктү куруу үчүн 45 млн 297 миң 603 сом сунуштаган. Аталган ЖЧКны 26 жаштагы Амантур Абылов жетектейт. Ачык булактардан Абылов жана анын байланыштары тууралуу маалымат табууга мүмкүн болгон жок.

Жүргүнчүлөр өтмөктөн өтүүгө мажбурланат

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев «Клоопко» мындай долбоор «Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат» деп билдирди. Ал Кытайды мисал кылып, өтмөк максатына жараша колдонулат деп эсептейт.


«Бул курулуш жол тыгынын 100% чечпесе дагы 30-40%га чейин чечет. Ошол жерден өткөн адамдар унааларга тоскоол болбой, өтмөк менен өтүп калышат», — дейт ал.


Пайзиев өтмөк бардык стандарттарга — анын ичинде майыптыгы бар адамдарга, балалуу энелерге жана жашы улгайгандарга — ылайык курулат деп ишендирди. Ошондой эле ал жүргүнчүлөр бир гана өтмөк аркылуу жолду кесип өтүүгө мажбур болорун айтат.

«Долбоор боюнча учурда адамдар өтүп жаткан жерлердин баары атайын тосмолор менен тосулат. Жөн гана тосуп койбой, гүл эгип же болбосо атайын идиштеги гүлдөрдү илип коюу идеяларын айтып жатабыз. Жыйынтыгында биздин жарандарга өтмөктөн башка өтө турган жер калбайт. Чыкпай сеткадан секирип же жолдон кесип өтүп кетем дегендерге жол бербейбиз, баарын тособуз. Айла жок ошол жактан өткөнгө мажбур болушат», — дейт чиновник.

Ал курулуш күз айларында бүтүп, пайдаланууга берилерин кошумчалады.

Башка өтмөктөр

Анткен менен практикада жер үстүнөн жана астынан өтүүчү өтмөктөр пайдаланылбайт жана көйгөйдү чечпейт. Мисалы, 2018-жылы Өзгөн шаарында 3,2 млн сомдон ашык акчага курулган жер үстүнөн өтүүчү өтмөк бейрасмий пайдаланууга берилген. Бирок ал ыңгайсыз болгондуктан тургундар башынан эле андан пайдаланган эмес. Жергиликтүү бийлик өтмөктүн ыңгайсыздыгын моюндап, компанияга иш да козголгон. Бирок анын жыйынтыгы белгисиз, ал эми өтмөк учурда да колдонулбай, ичи акыр-чикирге толуп турат.

Кара-Суу шаарында жалпы 33 млн сомго курулган жер асты өтмөгүндө да ушундай эле абал. Тургундар анын пайдасыз курулуш экенин бир нече жолу айтышкан. Ал тургай, жолго коюлган тосмолорду алып салуу менен нааразычылык акциясын да өткөрүшкөн.

Учурда Өзгөндө да, Кара-Сууда да жолго коюлган тосмолор алып салынган. Тургундар өтмөктөрдөн эмес, жолдон гана өтүшөт. Курулуштар көзөмөлдөнбөй, урай да баштаган. Ал эми жол тыгыны тескерисинче көбөйгөн.

«Жол тыгынына жүргүнчүлөр себепкер эмес»

Урбанист Алтынай Ногойбаева «Клоопко» мэрия куруп жаткан өтмөк боюнча кенен түшүндүрмө берди. Ногойбаева эң алгач жол тыгындарына жөө жүргүнчүлөрдүн эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Бишкекти мисал кылсак, Чүй/Абдрахманов жана Чүй/Манас проспектилеринин кесилиштеринде жер үстү жана асты өтмөктөрү бар экенине карабай ар дайым жол тыгыны болот. Демек, жол тыгындарына жөө жүргүнчүлөр себепкер эмес», — деди шаар куруу боюнча магистр.

Бишкектеги өтмөктөрдүн бири. Сүрөт: Peshcom

Ал аткаминердин көзү менен караганда, мындай өтмөктөр бардык топтор үчүн «ыңгайлуу» көрүнөт деп билдирди.

«Алар “айдоочулар кесилиштерде жүргүнчүлөрдү күтүп убара болбойт, ал эми жөө адамдар өтмөктөн өтүп өздөрүн коопсуз сезет” деп ойлошот», — дейт адис.

Бирок ал практикада өтмөктөр бир гана айдоочулар үчүн ыңгайлуу экенин белгиледи.


«Шаардын башка бардык тургундары үчүн өтмөктөр ыңгайсыздыкты гана жаратат, атүгүл кээ бир учурда ашып өтө алгыс тоскоолдукка айланат».


Урбанист проспект башка көчөлөр менен да кесилишкендиктен долбоор ишке ашса көйгөй чечилбей эле кийинки кесилишке жылып калат дейт.

«Эгер аткаминерлердин логикасына таяна турган болсок, анда Масалиевтеги ар бир кесилишке өтмөк куруу керек болот. Мындайда курулуш симптомдор менен гана күрөшөт, ал эми келечекте абал бир кыйла начарлап кетиши ыктымал», — деп түшүндүрдү ал.

Эмне үчүн өтмөктөр курулса да пайдаланылбайт?

Ногойбаева алгач мындай өтмөктөрдү куруу процесси узакка созулуп, курулуш иштери жүрүп жатканда чектөөлөрдөн улам тургундарга бир топ ыңгайсыздык жараларын айтты. Ошондой эле курулуп бүткөн соң «аны ким тейлейт?» деген суроо пайда болот дейт.

«Практика мындай өтмөктөрдөгү лифттер көп учурда иштебесин, ал эми пандустар туура эмес курулуп, кооптуу болорун көрсөтөт. Ал эми чатырдагы тосмо парниктей болуп ысытып, өтмөк жайма соода жайларына айланышы мүмкүн», — деп түшүндүрөт урбанист.

Шаар куруу боюнча адис өтмөктөн өтүү кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, майыптыгы барларга жана карыяларга болуп көрбөгөндөй кыйынчылык жаратарын айтат. Ногойбаева мэрия алар үчүн лифттер орнотулат дегени менен, борбор калааны мисал кылып, алар иштебесин белгиледи.


«Бишкектеги бардык жер асты жана үстү өтмөктөрүндөгү лифттер жана көтөргүчтөр иштебей турат».


Дагы окуңуз: «Уят болдук го». Бишкектин аткаминерлери жана жер өтмөктөгү көтөргүчтөр жөнүндө пьеса

Мэрияга сунуш: өтмөккө кеткен каражатка эмне кылса болот

Алматы шаарынын мисалында жолду реконструкциялоо.

Урбанист 45,3 млн сомго өтмөк кургандан көрө, тротуарларды реконструкциялап, коомдук жайларды жакшыртса болмок дейт. Анын айтымында, тургундар жаңы өтмөктөргө караганда жакшы абалдагы тротуарларды көбүрөөк баалашат.

«Мэрия жарыялаган сүрөттөрдө бул кесилиште жүргүнчүлөрдүн агымы көп экени байкалат. Бирок калаа бийлиги ушул агымды сактап, адамдарды жөө басууга үндөгөндүн ордуна, автомобилдердин 2 мүнөтүн экономдоо үчүн жүргүнчүлөргө тоскоолдуктарды жаратып жатат», — деп сындады ал.

Ногойбаева жол тыгыны көйгөйүн чечүү үчүн жүргүнчүлөрдү чектегендин ордуна, автомобилдердин санын кыскартуу керек деп эсептейт. Мындайда унаа токтотуучу жайлар үчүн акы алып, жүрүү үчүн белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү керек дейт ал.


«Тыгын маселесин чындап чечүү үчүн жөө жүргүнчүлөр инфраструктурасын өнүктүрүү жана аны ар бир адамга жеткиликтүү, ыңгайлуу кылуу зарыл. Тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн зоналарды, кыймылы чектелген адамдар үчүн коопсуздук аралдарын жана пандустарды куруу керек. Андан сырткары, коомдук транспортту өнүктүрүп, велосипед жана самокат сыяктуу микробилдүү инфраструктураны жакшыртса, автомобилдердин саны бир кыйла азаят».


Урбанисттин айтымында, жол тыгыны сыяктуу көйгөйлөрдү убактылуу жана арзан чаралар менен да чечсе болот. Бирок жергиликтүү бийлик пилоттук долбоорлорду же эксперименттерди жасап көрбөй дароо эле кымбат баалуу долбоорлорду баштап келишет.