Эл баатыры, медицина илиминин доктору, академик Мамбет Мамакеев 24-ноябрда дүйнө салды. Өлкөнүн медицина коомчулугу анын жакындарына көңүл айтты.
«Анын кайраттуулугу, эмгекчилдиги, ишке берилгендиги кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Мамбет Мамакеевичтин ысымы, биздин өлкөнүн медицинасы менен коомдук турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы келечек муундун эсинде сакталып кала берет»,
— деп айтылат билдирүүдө.
Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда өтөт.
Белгилүү хирург 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Медицина тармагында 70 жылдай эмгектенип, жалпы 30 миңден ашык операция жасаган. Бул эмгеги менен ал Гиннесттин рекорддор китебине кирген.
Ал 260тан ашык илимий эмгек жазып, 20 доктор, 22 илимдин кандидатын даярдаган. Эки уулу бар, алар да ата жолун улап медицина тармагында эмгектенет.