«30 миң операция». Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеев Гиннестин рекорддор китебине кирди

Сүрөт: https://www.guinnessworldrecords.com/

92 жаштагы хирург Мамбет Мамакеев эң узак убакыттан бери хирург болуп иштеп келе жаткан врач катары Гиннесттин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, рекорд 2020-жылдын 29-февралында катталган. Бул маалга карата Мамакеев хирург катары 67 жыл 181 күн иштегени айтылат. Андан сырткары медицинада жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу наамы берилгени да сайтта жазылган.

Токсондон ашкан хирургдун аты Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна берилген.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал 92 жашка келип калса дагы бүгүнкү күнгө чейин операция жасап келет. 68 жылдык карьерасында 30 миңден ашуун операция жасаган. Бир катар илимий иштердин автору. Медициа илимдеринин доктору, профессор. Андан сырткары 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын алган.

Мамакеевдин эки уулу бар. Алар дагы атасынын жолун жолдоп медицина тармагында эмгектенишет.