Бир нече жыл мурда Молдовада Manas Yurt Village аттуу уникалдуу этнолагерь ачылган. Аны жыйырма жылдан ашык чет өлкөдө жашап, кийин мекенине кайткан Лариса Амбросий атуу аял өзү туулуп өскөн Леордоая айылында түптөгөн. Бул долбоор кыргыз боз үйлөрүн, молдован меймандостугун жана экофилософияны айкалыштырган. Мунун баары Лариса Ирландияда жүрүп көчмөн кыргыздардын маданияты менен таанышкандан кийин башталган.
Ал молдовалык NewsMaker басылмасындагы кесиптештерибизге этнолагерь ачуу идеясы кантип жаралганын, Кыргызстандан чыныгы боз үйлөр кантип алып келингенин жана Молдовада кантип таза бизнес жүргүзүүгө болорун айтып берген.
Макаланын түп нускасы NewsMaker сайтына чыккан, автору — Александр Нугманов. «Клооп» материалды басылманын уруксаты менен которуп чыгарууда.
Молдова айылында кыргыз боз үйлөрү кантип пайда болгон?
Боз үйлөр тигилген этнолагердин негиздөөчүсү Лариса Амбросий 20 жылдан ашык убакыт чет өлкөдө жашаган. «Мен иш сапар менен кетип, ал жакта 23 жылга калып калдым. Ушундай болуп калды. Турмушка чыгып, баарын бул жерде калтырдым», — деп эскерет Лариса мекенинен алыс жактагы карьерасы жана жеке жашоосу жөнүндө айтып жатып.
Айтымында, анда дайыма жаңы маданияттар менен таасирлерге кызыгуу күч болгон. Ирландияда Лариса кыргыз кызы менен таанышып, экөө достошуп кеткен. Ал дал ошол курбусу аркылуу Кыргызстанды жана анын салт-санаасын тааныган.
«Мен кыргыз маданиятын 22 жыл мурда Ирландияда жолуктурган кыргыздардын аркасы менен таанып, изилдей баштагам», — дейт Лариса.
2019-жылы ал эмгек өргүүсүн Молдовада өткөрүүнү чечип, кыргыз курбусун да мейманга чакырган. Мекенине баргандагы эски эскерүүлөрү аны өз ата журтунда жаңы бир нерсе жаратууга түрткөн.
«Мында апам мураска калтырган жер тилкеси бар эле. Анан эмнеге ал жерде бир нерсе кылууга болбосун деген ой келди», — деп эскерет ал.
Ларисада кыргыз боз үйлөрүн тигип, этнолагерь ачуу идеясы Кыргызстанга келгенде пайда болгон. Тоолорго болгон саякаты, көчмөндөрдүн салттуу жашоосу жана кыргыз улуттук маданияты менен таанышуусу ага өтө катуу таасир эткен, ошондуктан бул дүйнөнүн бир бөлүгүн туулуп өскөн Молдовасына ала кетүүнү чечкен.
«Мен ал жактан боз үйлөрдү көрдүм, анан идея өзүнөн өзү эле келгендей болду. Биз жөн гана үйдүн алдында отуруп, бул жерде боз үй болот, бул жакка экинчисин тигебиз деп таяк менен жерге чийип сүйлөшө баштадык… Жердин өзү дем берип жаткансып, кайсы жерге эмнени жайгаштырса жакшы болорун көрсөткөндөй болду», — дейт ал.
Лариса бул идеясын ишке ашырууга болушунчу жоопкерчилик менен мамиле кылган. Анткени ал долбоорунун ийгиликтүү болушун гана каалабастан, бардык коопсуздук талаптарын жана мыйзамдарды сактоого аракет кылган. Ал алгач жер тилкесине бардык көзөмөл органдарынын, анын ичинде Өрт өчүрүү кызматынын да өкүлдөрүн чакырган.
«Биз баарын эрежеге ылайык кылууну каалаганбыз. Өрт өчүрүүчүлөр лагерь ачыла электе эле баарын текшертип алуу үчүн алдын ала чакырганыбызга аябай таң калышкан», — деп эскерет ал.
Лариса бизнесин таза жүргүзүүгө аракет кылат, анткени мыйзамдарды билүү жана аларды сактоо — коррупциядан коргонуунун эң мыкты жолу экенине ишенет. Ал ишин баштагандан бери бир да жолу пара бериши керек болгон же кимдир бирөө андан пара сураган учурга кабылбаганын айтат.
«Эгер сен мыйзамды так билсең жана таза иштесең, анда кимдир бирөөнүн пара сурашына же бут тосуусуна себеп болбойт», — дейт Лариса.
Пандемия учурунда ачылды
Этнолагерь ачуу кыялын орундатуу үчүн алгачкы кадам — ар бири көчмөндөрдүн маданияты менен терең байланышты символдоштурган 12 салттуу боз үйгө буйрутма берүү болгон.
«Боз үйлөргө Бишкекте буйрутма бердик. Логистикалык компания таап, алар бизге баарын түз эле Кыргызстандан жеткирип беришти. Бул үчүн Москва аркылуу транзитти камтыган татаал жеткирүү чынжырчасы уюштурулду», — дейт Лариса.
Келечектеги меймандарга жайлуу шарттарды түзүү үчүн Лариса өзүнүн командасы менен бирге бардык керектүү инфраструктураны ойлонуштуруп, жасап чыккан. Ал жерде канализация жок болчу, а электр энергиясы үчүн жердин алды менен кошумча зымдарды алып келүү талап кылынган.
«Биз бардыгын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштуруп, жаратылыштын гармониясын бузбагыдай жана жердин үстүнөн эч нерсеси көрүнбөгүдөй кылып жасап чыктык», — дейт Лариса.
Алар инфраструктуранын бардыгын айлана-чөйрөгө сый-урмат кылуу менен жасашкан. Ларисанын айтымында, бул тынчтыкты сактоо жана табият менен таттуу мамиледе болуу үчүн өзгөчө маанилүү.
Бирок бардыгы даяр болгондон кийин пандемия башталып калган. Ошондуктан этнолагерь меймандар үчүн өз эшигин 2020-жылдын 6-августунда гана ачкан. Анда ачылышына 200 киши келген.
«Мынча көп киши келет деп күткөн эмеспиз. Биз үчөөбүз эле болчубуз жана адамдардын мындай агымын кантип башкарышты билген эмеспиз», — деп эскерет Лариса.
Боз үйлөр кыргыз маданиятын кантип таанытат?
Лариса адамдар тынчтыкка бөлөнүп, өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары сезип жана ой жүгүртүүгө убакыт таба ала тургандай жай ачууну кыялданган. Этнолагердин негизин Ларисага катуу таасир эткен кыргыз маданиятына болгон сый-урмат түзөт.
«Кыргыз боз үйү — бул жөн гана чатыр эмес, а бүтүндөй бир философия. Ал айлана-чөйрө менен биригип, гармонияда болуу сезимин жаратат», — деди Лариса. Ал боз үйдүн тегерек формасы менен түндүгүнүн символизми жөнүндө айтып, алар адамдын жаратылыш жана космос менен болгон байланышын эске саларын белгиледи.
Лагердеги ар бир элемент табигый тынчтыкты бөтөнчө белгилөө үчүн кылдат ойлонулуп жасалган. Лариса жаратылыш менен гармонияда болуу — адамдарга ички тынчтыгын табууга жардам берет деп эсептейт. Лагерь кооз жерде жайгашкан, ал жакта кечкисин меймандар үчүн от жагылат. Лагердин философиясынын негизин туруктуу келечекке кам көрүү жана жаратылыштын тазалыгына берилүү түзөт. Ларисанын үйүнүн жанындагы бакчада жемиштүү дарактар өсөт, алардын мөмөсүнөн шекерсиз накта кыям жасалып, салтуу кыргыз тамак-аштары менен чогуу меймандарга сунулат.
«Биз химикаттарды колдонбойбуз, жаратылыш балансын бузбайбыз. Биздин кыямдар менен ширелер толугу менен табигый», — дейт Лариса.
Кыргыз маданияты үчүн да, молдован маданияты үчүн да меймандостук мүнөздүү. Этнолагерде меймандарды кыргыздын салттуу боорсогу менен тосуп алып, улуттук рецептер менен даярдалган чай жана кыямдар менен сыйлашат.
«Биздегидей эле Кыргызстанда да ар бир мейманды нан менен тосуп алышат. Бул ачыктыктын жана меймандостуктун белгиси», — дейт Лариса. Ал Кыргызстанда аны кантип жылуу тосуп алышканын эскерип, меймандар өзүн өз үйүндөгүдөй сезиши үчүн, эми ал атмосфераны Молдовадагы этнолагерде да түзүүгө аракет кылууда.
Лагердин конокторуна Кыргызстанда дасторкондогу тамакты алгач улуулар ооз тийери, кичүүлөр болсо аларга сый-урмат көрсөтөрү жөнүндө айтылат.
«Бул жылдар бою топтолгон акылмандуулук менен тажрыйбага болгон сыйдын белгиси», — деди этнолагердин ээси.
Лариса меймандарга боз үйгө кирүүгө байланышкан эрежелер жөнүндө да айтып берет: салт боюнча ага оң бут менен босогону баспай кирип, үйдүн руханий баалуулугуна урмат көрсөтүлөт. Боз үйгө дайыма бут кийимсиз жана башын төмөн ийип кирет. Бул үй ээлерине болгон сый-урматтын белгиси.
Лариса Амбросий Кыргызстандагы этнографиялык комплекстин аймагындагы музейде мурдагы СССР республикаларынын гербдери түшүрүлгөн чоң килем бар экенин айтат. Лариса аны көргөндө маданияттардын айкалышын сезген.
«Анда Молдованын гербинин жанында боз үй турат, — деп эскерет Лариса. — Мен үчүн ал кандайдыр бир белгидей, келечектеги долбоор үчүн орун даярдалып коюлгандай сезилген».
Кыргызстандыктар иштейт
Лариса мындай өзгөчө лагердин ачылышын жергиликтүү тургундар жакшы кабыл алганын айтат.
«Мында өзүңдү кандай көрсөткөнүң маанилүү: эгер жылмайып турсаң, адамдар өздөрү тартылат», — дейт Лариса.
Ал ошондой эле жергиликтүү ишкерлер менен өндүрүүчүлөрдү колдоого аракет кылганын, бул анын коом менен болгон байланышын бекемдегенин белгилейт. Лагерде айыл жашоочуларынан сатып алынган азык-түлүктөр пайдаланылат. Ларисанын мындай колдоосунун аркасы менен өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн жергиликтүү фермерлер чарбасын кеңейте башташты.
«Биз ачылгандан бери дүкөндөр менен фермерлер мурдагыдан активдүүрөөк иштей башташты. Жашоочулар малын көбөйтүп, сүт жана сыр өндүрүшүн кеңейтүүгө киришти. Менин долбоорум кыйыр түрдө жергиликтүү экономиканын да өсүүсүнө жардам берүүдө», — дейт Лариса.
Этнолагерди иштетүүдөгү эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири — жумушчу күчүнүн жетишсиздиги болгон. Айылдагы жаштардын көбү чет өлкөгө иштегени кетип, лагерде иштөөгө даяр жумушчуларды табуу оңой болгон эмес. Ошондо Лариса улуттук колоритти сактап калуу жана кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн көрсөтүү үчүн Кыргызстандан жумушчуларды тартууну чечкен. Бирок бул да жеңил болгон эмес: виза жана иштөөгө уруксат алуу талап кылынып, жол киреге жана документтерди топтоого байланышкан кошумча чыгымдар жаралган.
Жумушчу күчүнүн жетишсиздигине ишкерлердин көбү кабылат. Бул маселени чет өлкөлүк жумушчулардын жардамы менен чечүүгө бюрократия тоскоолдук кылат. Лариса башка өлкөлөрдөн жумушчуларды жалдоонун жол-жобосун жеңилдетүүнү сунуштап, бул көйгөйдү бийликке жеткирүүгө аракет кылган. Бирок азырынча бул жаатта абал өзгөрө элек.
Ошентсе да Лариса ишкерликти өнүктүрүү үчүн Молдовада мүмкүнчүлүктөр көп деп эсептейт. Ал Европа биримдиги тарабынан каржыланган PARE 1+1 программасын мисал кылды. Бул программанын алкагында Лариса электрондук эсепке алуу системасын киргизүү үчүн насыя алган. Анын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да мындай ресурстар жеткиликсиз. Ишкер айым каалоо менен аракет болсо, баарына жетүүгө мүмкүн экенине ишенет.