Алымкадыр Бейшеналиев: Үч оорукана боор алмаштыруу операциясын жасоого даяр

Image descriptionСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында боор алмаштыруу операциясы үчүн керектүү жабдуулар сатып алынганын кабарлады.

Анын айтымында, Кыргыз-түрк достугу ооруканасы, Улуттук хирургия борбору жана Оштогу шаардык оорукана боор алмаштыруу операциясын жасоого даяр.

Быйыл июнда Кыргыз-түрк достугу ооруканасында алгачкы жолу боор алмаштыруу операциясы жасалган. Анда министр операция жана ага байланыштуу чыгымдар толугу менен Президенттик фонддон каржыланарын айткан.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө 17 миң адам боор оорусу менен жабыркайт. Ал эми органдарды трансплантациялоо программасы үчүн Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Өткөн жылы өлкөдө алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу опреациясы да ийгиликтүү аяктаган.