Президент Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал Судьялар кеңеши Сыдыковдун арызын канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президентке киргизгенин, бирок Садыр Жапаров тарабынан ал канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылганын белгиледи.
Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 29-ноябрда белгилүү болгон.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишинин 27 фигурантынын 22син актаган. Калган беш саясий туткундун иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Райондук соттун бул өкүмүнө чейин сегиз айыпталуучу ТИЗОдо кармалып турган.
Кемпир-Абад ишинин фигуранттары 2022-жылы октябрда «жапырт башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» айыбы менен камакка алынган. Алардын баары тең Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап келишкен.