Жаңы жылга карата Ала-Тоо аянтын жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын каражат бөлүндү

Быйыл Жаңы жылга карата Ала-Тоо аянтын жасалгалоо үчүн 1,5 млн сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бүгүнкү күндө аянтта башкы балатынын каркасы орнотулуп бүттү. Балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын адистери гирлянддарды орнотуп, жакынкы күндөрү майрамдык оюнчуктарды иле башташат.

«Борбордук аянтта чоң сейилдөөчү зона уюштуруу жана жаңы жылдык шаарча түзүү каралган. Балатынын иштөө мезгилинде шаардын тургундарын жана конокторун мастер-класстар, флешмобдор, концерттер жана башка иш-чаралар күтөт», — деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.