«Клооп» менен Temirov Live бийлик курулуш үчүн деп Бишкектеги эски «Ак-Кула» ат майданынын 50 гектар жерин берген жана шаардын борбордук бөлүгүндөгү «Ай-Пери» бизнес-борборун сатып жаткан «РЦА Бишкек» компаниясы кыйыр түрдө Камчы Көлбаевдин мурдагы өнөктөшүнө байланышы бар экенин аныктап чыкты. Ат майданды ээлери 33% арзан, бизнес-борборду жер тилкеси менен кошо бааланган наркынын дээрлик жарымына алышты.
2024-жылдын 13-ноябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлү «Тазабек» басылмасына «Ай-Пери» бизнес-борборун сатып алууга буга чейин аты-жыты белгисиз «РЦА Ливинг» ЖЧКсы гана өтүнмө бергенин билдирген. Агенттик жалдаган эксперттер Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашып, аянты дээрлик 6 миң чарчы метрди түзгөн имаратты жер тилкеси менен чогуу 559,15 млн сомго баалашкан.
Бийлик буга чейин эки аукцион өткөрүлгөнүн, бирок «Ай-Перини» сатып алууну каалагандар чыкпаганын айтып келет. 26-ноябрда аукциондун үчүнчү айлампасы өтмөк, бирок ага да эч ким өтүнмө жөнөткөн эмес. Ал эми буга чейин өтүнмө берген «РЦА Ливинг» болсо өзүнө аталышы уйкаш «РЦА Бишкек» деген компаниянын пайдасына «Ай-Перини» сатып алуудан баш тартты. Имаратты эми «РЦА Бишкек» бир аз кымбатыраак: 568,2 млн сомго же чарчы метрин 1115 доллардан сатып алат. Буга мурда бизнес-борбордун акцияларынын мамлекетке таандык 98,41%ы сатылып жатса, эми 100 пайызы сатылганы себеп болушу мүмкүн.
Бул Бишкектин борборунда курулуштун чарчы метринин орточо баасынан дээрлик 1,5-2 эсеге арзан. Көз карандысыз «Бизнес-Эксперт» баалоо жана аналитика борборунун эсебине ылайык, 2023-жылы шаардын ортосундагы имараттардын чарчы метри $1382 турган. Азыр адистер аны 1500-2000 долларга баалап жатышат. Бул жерде болсо имарат жер тилкеси менен кошо сатылууда. Бир жыл мурда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Ай-Перини» $20-25 миллионго баалаган. Бул 1,77-2,22 млрд сом болот.
Депутаттын мураскерлеринен — кримтөбөлдүн үй-бүлөсүнө
Бизнес-борбор Бишкектин борборунда, Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 5 878,2 чарчы метрди түзөт. Турмуш-тиричилик үйүнүн имараты — «Ай-Пери» сулуулук салону — өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында курулуп, архитектуралык эстеликтердин тизмесине киргизилген. СССР таркагандан кийин «Ай-Пери» акционерлештирилген. Ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн мурдагы функцияларын сактап келет десек да болот: имарат бизге белгилүү болгондой тез татым үчүн гана эмес, кийим жана бут кийим оңдоо, чач тарач сыяктуу иштер үчүн да ижарага берилип келет.
«Ай-Перинин» негизги акционери Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Кыргызалтын» ААКсынын мурдагы биринчи вице-президенти жана «Манас» эл аралык аэропортунун экс-президенти Эрик Арсалиев болгон. Бакиевдин тушунда анын Lexus унаасында президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун сөөгү өрттөлгөнү белгилүү. 2016-жылы бизнес-борбордун имараты «Манас-Хэндлинг» компаниясы алган насыя үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун күрөөсүнө коюлган. Учурда бул компанияны Арсалиевдин кызы башкарат.
2021-жылы Эрик Арсалиев узак оорудан улам Түркияда каза болуп, анын бизнес-борбордогу 47,7% акциясы мураскерлерине өткөн. Анда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду «Ай-Перинин» имаратынын күрөөсү тууралуу келишимди дагы эки жылга узарткан. А 2022-жылы Кумаш Рысалиев менен Азиз Камчыевич Асанбеков «Ай-Перинин» негизги акционерлери болуп калышкан.
Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин УКМК имаратты кримтөбөлдүн улутташтырыла турган активдеринин тизмесине кошкон. «”Ай-Пери” салонуна да бүт бандиттер топтолуп, ал жакты бар кылып алышкан», — деген атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 23-ноябрындагы жыйынында.
Андан мурун ЖМКлар «Ай-Перинин» акционерлери Азиз Асанбеков, Бүбүсара Мавлянова жана Тынара Абдымомунова өз үлүштөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине сатканын (суммасы айтылган эмес) кабарлашкан. Бирок Фондулук биржада мекеме аларга акциялары үчүн акча төлөп бергени жөнүндө маалымат жок, анда болгону менчик укугу мамлекетке өткөнү гана жазылган. Кумаш Рысалиевдин акциялары да сатып алынганбы же жокпу белгисиз, бирок азыр «Ай-Перинин» акцияларынын 98,41% мамлекетке таандык. Рысалиевдин үлүшү (ал акциялардын 20,2% ээлик кылган) анын Көлбаев менен байланышы болгондугу үчүн конфискацияланган болушу мүмкүн.
Кумаш Рысалиев Ысык-Көл облусунун тоолорундагы «Булат-М» аттуу мергенчилик чарбанын негиздөөчүлөрүнүн катарында да болгон. УКМКнын маалыматына ылайык, чындыгында ал чарбага Көлбаев ээлик кылган. ЖМКлар ошондой эле Рысалиевди Көлбаевдин Бишкектеги эки жер тилкесинин шарттуу ээси деп да аташкан. «Кактус» басылмасы ал парламенттин иш башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары, ишкер, Моби аттуу каймана ысымга ээ Рысалиев Таалай Кумашевичтин атасы болушу мүмкүн деп болжолдогон. Мобини ИИМ да Камчы Көлбаев менен байланыштырган. Ал өзү криминалга байланышы бар экенин четке кагып келет. 2024-жылы февралда Таалай Рысалиев Кыргызстандын өтүнүчү менен Дубайда кармалган.
Бирок мурдагы акционерлердин ичинен эң кызыктуу фигура — Азиз Камчыевич Асанбеков. Салык кызматынын базаларында 26 жаштагы ушундай жаран бар. Анын аты-жөнү жана курагы Камчыбек Көлбаевдин (криминалдык маалыматтарда ал «К.Асанбек» катары көрсөтүлүп келген) улуу баласына туура келет.
Facebook'тан биз аты-жөнү ушундай жигитти таптык, анын досторунун баары Көлбаевдер. TikTok'то анын маркум Камчы Көлбаев жана кримтөбөлдүн кичүү уулу Руслан менен түшкөн сүрөтү бар. Сүрөттүн алдындагы комментарийде: «Азиз атасынын эле өзү» деп жазылган.
Эми «Ай-Пери» эмне болору белгисиз. Ижарачылар жаңы ээлери «кайсы бир вьетнамдыктар» экенин гана билишет. Алар менен ижара мөөнөтүн узартуу же узартпоо маселеси акционерлердин 18-декабрдагы жыйынында чечилет.
53 гектар бөлүп төлөө шарты менен жана арзандатылган баада
«РЦА Бишкекке» байланышы бар жаңы түзүлгөн «РЦА Ливинг» компаниясы «Ай-Периге» чейин дагы бир «чоң олжого» ээ болгон: өкмөт ага курулуш үчүн Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданын берген. Ал 1947-жылы курулуп, борбор шаардагы ат оюндарын өткөрө турган алгачкы ири жайлардын бири болуп келген. Анын жалпы аянты дээрлик 60 гектарды түзөт.
Бишкекте ат оюндары бүгүнкү күнгө чейин популярдуу. Ошентсе да 2020-жылы ат майдан авариялык абалда жана оңдоого мүмкүн эмес деп табылган. Бийлик кийин ат майдандын имараты бузулуп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөр же Moscow City сыяктуу ишкерлик борбор курулушу мүмкүн экенин билдирген. Эми «РЦА Ливинг» ал жерге бизнес-борборлорду, турак үйлөрдү, сейил бактарды, мектептерди жана бала бакчаларды курууну убадалап жатат.
Ат майдан «РЦА Ливингге» «Ай-Пери» бизнес-борбору «РЦА Бишкекке» өткөндөгүдөй эле схема боюнча өттү.
Жазында Бишкек мэриясы аны 8,7 млрд сомго ($100 млн жакын) баалаган. Кийин аткаминерлер аукционго катышуу каалоосун эч ким билдирбегенин айтып, 2024-жылы августта Бишкек шаардык кеңеши аны түз сатууга уруксат берген.
Эки айдан кийин ат майдан «РЦА Ливинг» компаниясына ижарага берилгени белгилүү болгон. Буга чейин ЖМКлар бийлик менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, компания ат майдандагы курулуш иштерине $300 млн ашык каражат салууга жана борбор калаанын бюджетине $67 млн которууга милдеттүү экенин жазышкан. Кийин бул жер тилкесин колдонгон мөөнөт үчүн төлөнө турган сумма экени белгилүү болгон. Ал ат майдандын бааланган наркынан 33% аз. Мындан тышкары Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы ат майдандагы эски курулуштарды бузуу үчүн өз эсебинен тендер жарыялаган.
Инвестициялык келишим боюнча «РЦА Ливинг» $6,7 миллиондук авансты Бишкек мэриясынын эсебине 2024-жылдын 15-октябрында которгон. Ачык булактардан макулдашуунун өзүн табууга мүмкүн болгон жок.
Бийлик ат майдандын 53 гектар жерин «РЦА Ливингге» 49 жылга ижарага берүүдө. Бул убакыттын ичинде ал жерге курулган имараттардын ээлери менен жашоочуларынын бир нече мууну алмашат. Компания ат майдандын жерин бөлүп төлөө шарты менен жана мэрия алгач баалаган наркынан 33% арзан алды деп айтсак болот.
Азыр ат майдандын аймагындагы бардык имараттар бузулган, бирок курулуш иштери баштала элек. Жакын жашаган тургундарды эмне күтүп турганы белгисиз. Алардын айтымында, азырынча кимдир-бирөө тосмодогу тешиктерди гана бүтөп койду.
Орусияда байланыштары бар кызыл миллиардерлер
«РЦА Ливинг» ЖЧКсы «Ак-Кула» ат майданындагы мегадолбоорго кошулардан эки ай мурда гана негизделген. Бул компаниянын директору катары Фан Ань Шон аттуу чет өлкөлүк жаран көрсөтүлгөн. 27-ноябрда ал чет өлкөлүк инвесторлордун атынан Бишкек мэриясы менен жерди өткөрүп алуу тууралуу келишимге салтанаттуу түрдө кол койду.
Компанияда дагы үч вьетнамдык иштейт — Нгуен Мань Хунг, Нгуен Тиен Хонг Зыонг жана Ле Куанг Хиеу. Алардын экөөнүн Кыргызстанда иштөөсүнө уруксат берүү үчүн төлөмдү Бишкек мэриясынын эл аралык бөлүмүнүн адиси Айпери Сыдыкова жүргүзгөн.
Вьетнамдыктар компанияга гибралтардык «Силвердейл Лимитед» офшору аркылуу ээлик кылышат. Буга чейин басылмалар Бишкек мэриясына шилтеме кылып, «РЦА Ливингдин» бенефициары Гибралтарда катталган TNG Global Foundation эл аралык курулуш компаниясы экенин жазган. Ал вьетнамдык көп профилдүү ROX Group холдингине (мурдагы аталышы TNG Holdings Vietnam) таандык.
Гибралтарда TNG Global Foundation компаниясынын ээси Туан Тран экени айтылып келет. «Вьетнамда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө иштеген, ошондой эле кыймылсыз мүлк, чекене соода жана каржылык кызматтар тармагында кеңири тажрыйбага ээ көрүнүктүү ишкер», — деп сүрөттөйт аны жергиликтүү басылмалардын бири.
55 жаштагы Туан Тран 1993-жылы Москвадагы Геологиялык чалгындоо институтун аяктап, 1995-жылга чейин Орусияда бизнес менен алектенген.
Москва педагогикалык мамлекеттик университетинде Туан Трандын жубайы Нгуен Тхи Нгует Хуонг айым да окуган. 1996-жылга чейин ал да Орусияда «Интелком-Москва» ЖЧКсында директордун орун басары болуп иштеген. Кийин Вьетнамдын башкаруучу партиясынын жетекчилик курамына жана өлкө парламентинин экономикалык комитетине кирген. 2016-жылы анын мандаты жокко чыгарылган: анда ал Мальтада алган экинчи жарандыгын жашырып жүргөнү белгилүү болгон. Азыр бул айым үй-бүлөлүк ROX Group компаниясынын директорлор кеңешин жетектейт. Кыскасы, бул партиялык наменклатура бийлигин акчага айланткан посткоммунисттик өлкөлөргө мүнөздүү окуя.
TNG Global Foundation «Ай-Пери» бизнес-борборун сатып алган «РЦА Бишкек» курулуш компаниясынын үлүшүнө да ээлик кылат. Ал жакында эле — 2024-жылдын 12-ноябрында негизделген. Аны ошол эле «РЦА Ливингде» иштеген Нгуен Мань Хунг жетектейт, негиздөөчүлөрү — Кошарный Иван Анатольевич менен офшор «Скай Девелопментс Лимитед».
Орусияда төрөлгөн 26 жаштагы Иван Кошарный өзүн Ханойдогу инвестициялык Sam Gia Capital компаниясынын бизнес-кеңешчиси деп атайт. Ал Вьетнамда чет өлкөлүктөргө бизнес-өнөктөштөрдү табууга жана бийлик менен мамиле түзүүгө жардам берет.
«Скай Девелопментс Лимитед» да Гибралтарда катталган. Аны Адриан Оливейро менен Нилеш Банглоревала деген кишилер жетектейт. Булар «Силвердейл Лимитедди» жана бүтүндөй TNG Global Foundation холдингин да башкарышат. Кыскасы, мында бардыгы тең Туан Трандын бизнеси менен партиядагы жубайынын тегерегинде айланат.
Вьетнам басылмаларынын маалыматына ылайык, TNG Global Foundation'ге таандык ROX Group өлкө боюнча жалпы аянты 3000 гектарга жакын 14 индустриалдык паркка инвестиция салган. Ошондой эле ал көптөгөн башка да компанияларга ээлик кылат, алардын эң негизгилеринин бири – ROX Living (мурдагы аталышы TNR Holdings), анын активинде 3200дөн ашык турак жай объектилери бар.
Бирок акыркы кездери ROX Group'тун иштери ойдогудай жүргөн жок. 2024-жылы ага таандык ишканалардын көбүнүн кирешеси азайып, алты негизги компаниясынын жалпы активи дээрлик карыз милдеттенмелерине теңелип калды. 2024-жылдын 30-июнундагы маалыматтарга ылайык, негизги деп эсептелген ROX Living компаниясынын карыздары активдеринен 11 эсе ашык кеткен.
Бардыгы Көлбаевге байланган
Эми кайра «РЦА Ливингге» кайталы. Бул компаниянын экинчи негиздөөчүсү катары 23 жаштагы Салим Шабазов көрсөтүлгөн. 2021-жылы күзүндө ал өзүн BSK Capital Group курулуш компаниясынын сатуу боюнча менеджери деп атаган. Бул компания Бишкектеги 6-кичи райондун жашоочулары менен болгон көп жылдык жаңжалы менен белгилүү. Анда компания футбол талаасынын ордуна көп кабаттуу үй курганы жатканы айтылган. Компаниянын YouTube-аккаунтунда Шабазов дагы деле сатуу бөлүмүнүн адиси катары батирлерди сатууда.
BSK Capital Group'ту ишкер Александр Маханов менен 2021-жылы «Ишеним» партиясынан шайланган парламент депутаты Бахридин Шабазов негиздеген.
Салим Шабазов — Бахридин Шабазовдун кол алдында иштеген жана аны менен фамилиясы окшош гана адам эмес. Ал Шабазов Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанганда «Ишеним» партиясынын тизмесиндеги ишенимдүү адамдардын бири болгон. Салим талапкердин билдирүүлөрү менен бөлүшүп, лайк коюп турган. Жакында эле Бахриддин Шабазов «Медиахаб» басылмасына Салим анын аталаш иниси экенин ырастаган.
Дагы бир маанилүү кошумча: «РЦА Ливинг» Бишкектеги Разаков көчөсү 2, кеңсе 3 дарегинде катталган. Ушул эле кеңседе BSK Capital Group да катталган.
Мунун баары Жапаров менен Ташиевдин тушундагы «өз катарынын тазалыгы үчүн болгон күрөштүн» өзгөчөлүгүн ачыктап турат.
Буга чейин депутат Бахридин Шабазов «Elite House (Элит Хаус)», «По домам» жана «СтройМаксимум» курулуш компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн катарында болгон. Анын бул компаниялардагы өнөктөштөрү Алтынбек Карчыгаев (атасы АКШда 1 млн долларга президент Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн кызыкчылыктарын лобби кылган) жана 2023-жылы октябрда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы болгону үчүн камакка алынган ишкер Тимур Файзиев болгон.
Ошентип, мамлекет бир колу менен УКМК башчысы маркум кримтөбөлгө байланыштырган бизнести тартып алып, экинчи колу менен кыйыр түрдө Камчы Көлбаевге байланышы бар болгон адамдарга алып берүүдө.