Медет Садыркуловдун өлүмү — айыптоочу тараптын версиясы

7-февралда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аппарат башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан иш боюнча сот отуруму өттү.

Шектүү — Санжар Сапарбеков. Тергөө аны Жазык кодексинин бир канча беренеси боюнча айыптап жатат. Сапарбеков күнөөсүн мойнуна алган жок. Жыйынтыгында сот бул иш боюнча кийинки отурумду 21-февралга дайындады.

Санжар Сапарбеков. Сүрөт: Кундуз Кызылжарова / «Азаттык».

Сапарбековго кандай айып тагылууда?

Санжар Сапарбеков 2021-жылдын 26-ноябрында кармалган. Ал бул иште 2011-жылдан тартып айыпталуучу болуп эл аралык издөө жарыяланган.

Айыптоонун корутундусуна ылайык, Сапарбековго «Уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту (кылмыштуу уюмду) түзүү», «Адам уурдоо», «Тоноо», «Унаа каражаттарын уурдоо», «Мыйзамсыз кармоо», «Кыйноо», «Киши өлтүрүү», «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу» жана «Документти, мөөрдү же штампты уурдоо» беренелери боюнча айып тагылды.

Төмөндө айыптоонун корутундусу баяндалат

Өлтүрүү планы

Сапарбеков 1995-жылдан 2000-жыга чейин спорт клубунда машыгып жүргөн. Ошол жерден Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен таанышып, экөө достошкон. Кийин Бакиев бийликке келгенден кийин, Санжар Сапарбеков президенттин баласы менен бизнес баштаган.

2009-жылдын март айында Максим Бакиев Сапарбековго Медет Садыркуловдун көзүн тазалоону пландап жүргөнүн айткан.

«Кылмыш ишин жол кырсыгынан кийин өрт чыкты деген таризде жылмалоо керек болчу. Санжар Сапарбековдон кылмышты ишке ашырууга спортчулардан бирөөнү таап берүүнү өтүнүшкөн. Айыпталуучуга сый акы жана ар дайымкы колдоо убадалашкан. Ал макул болгон», — деп айтылат айыптоонун корутундусунда.

Садыркуловдун көзүн тазалоонун деталдуу сценарийин түзгөнгө Сапарбековго ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын экс-башчысы Айбек Абдыразаков жана Жаныш Бакиевдин (бозгон президенттин иниси) жардамчысы Тахир Рысалиев жардам берген.

Курманбек жана Жаныш Бакиевдер.

Мындан тышкары, кылмышка Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери Бакыт Байжанов жана Марат Турдукулов, милиционер Эргеш Маткайымов жана Максим Бакиевдин досу Рустам Сайдуев катышкан. Ошондой эле алар менен Сапарбековдун досу дагы болгон, бирок анын тек-жайы аныктала элек.

Садыркуловду уурдоо жана өлтүрүү

2009-жылдын 13-мартында Чек ара кызматынын ошол кездеги төрагасы Замир Молдошев «кылмыштуу буйруктарды аткаруу үчүн» Жаныш Бакиевге телефон чалып, Медет Садыркулов коштогон адамдар менен Кыргызстандын аймагына киргенин айткан.

Анда жол инспекторунун формасын кийген Байжанов Рысалиевдин тапшырмасы менен Садыркуловдун унаасын токтоткон, унаада чиновниктен тышкары айдоочусу Кубат Сулайманов жана Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко болгон.

Андан соң үчөөнүн тең телефондорун тартып алып, Көк Жар айылындагы жеке менчик үйгө алып барышкан. Көп өтпөй ал үйгө Жаныш Бакиев келген. Бакиев Садыркуловду мазактап, ток менен кыйнап, сөгүп, ура баштайт.

Санжар Сапарбеков Марат Турдукулов менен бирге Садыркуловду Жаныш Бакиев ур-токмоктогончо кармап турушкан, андан кийин ал эс учун жоготуп жыгылган. Жаныш Бакиев барымтага алынган үчөөнүн көзүн тазалоо тапшырмасын берген. Сапарбеков Садыркулов менен Слепченкону муунтуп, ал эми досу айдоочу Сулаймановдун көзүн тазалаган.Андан кийин Сапарбеков бул кылмышка аралашкандар менен бирге үч адамдын сөөгүн машинага салып, скотч менен ороп, түштүктү көздөй алып кеткен.

Жолдо баратып Слепченко менен Сулайманов тирүү экенин байкап калышат. Унаа Беш-Күнгөй айылында жолдун жээгине токтоп, Сапарбековдун досу унаадан түшүп, үчөөнүн тең башына таш менен урган.

Медет Садыркуловдун унаасы күйүп кеткенден кийин.

Андан кийин барымтага алгандар «Волчьи ворота» жайлоосуна келип, кылмышты автокырсык катары инсценировка жасашкан. Алар Садыркулов, Слепченко жана Сулайманов жол кырсыгынан көз жумду деген версияны жайылтууга аракет кылышкан.

Баяндоонун аягы

Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтөө

Медет Садыркулов — президент Курманбек Бакиевдин аппарат жетекчиси жана «Ак-Жол» партиясын негиздегендердин бири. Садыркулов 2009-жылдын 13-мартында табышмактуу жагдайда каза тапкан.

Курманбек Бакиев жана Медет Садыркулов. Сүрөт: «Азаттык».

Ал убакта бийлик ачыктаган алгачкы версияга ылайык, Садыркулов бараткан «Лексусту» ак түстөгү «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, натыйжада жолтандабас өрттөнүп, ичиндеги Садыркулов жана анын досу, тагыраагы, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурунку директору Сергей Слепченко, ошондой эле айдоочу Кубат Сулайманов каза тапкан.

Өлүм коштогон авто кырсыкка Ош облусунун жумушсуз тургуну Өмүрбек Осмонов күнөөлү деп табылган. Сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Өмүрбек Осмонов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Үрөй учурган бул кылмыштын бети Бакиевдер кланы бийликтен кулагандан кийин гана ачылган. Кийин коомчулукка белгилүү болгондой, Садыркулов менен бозгун президенттин иниси Жаныбек (Жаныш) Бакиевдин мамилеси начар болгон.

Бир тууган Бакиевдер өлкөдө төңкөрүш уюштурууга камынып жаткан экс-чиновниктин көзүн тазалоону уюштурууга, кийин анын өлүмүн автокырсык катары имитациялоого айыпталышкан.

ДАГЫ ОКУҢУЗ:Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип кикбоксёр Санжар Сапарбеков кармалды

Садыркуловдун аялы: Күйөөмдү өлтүргөнгө буйрук бергендер чет өлкөдө жыргап жашап жүрүшөт