Бишкекте мэриянын кызматкерлери экология министрлиги жана милициянын кайгуул кызматы менен бирге калаадагы унаалардын катализаторун текшерүү боюнча рейд уюштуруп, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Катализатор — унаанын түтүн чыккан бөлүгүндө чыгынды газдардагы адам жана табият үчүн зыян химиялык бөлүкчөлөрдү чыпкалаган түзүлүш.
«Мэрия айдоочуларга шарт түзүп берип жатат. Эгер катализаторлору жок болсо, базарда кымбат дешсе биздин автобазабызда бар, орнотуп бергени менен арзаныраак болот. Катализаторлорду ошол жерден дароо салып берүүгө шарт түзүлүүдө», — деди мэриянын жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Уланбек Бейшеналиев.
Акыркы бир нече жылдан бери Бишкек кышкысын абасы эң эле булганган шаарлардын катарында. Бийликтин көптөгөн убадаларына карабай борбор калаада абанын сапаты начар бойдон калууда.
Депутаттар унааларды айлана-чөйрөнү булгаган негизги булак деп атап, 2022-жылы катализатору жок унаалардын айдоочуларына айып салууну сунуштап, бийлик катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга тыюу салган.
Өкмөттүн акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 80%га жакын унааларда катализатор жок, болгон күндө деле зыяндуу заттарды коопсуз кылып тазалап чыгара албайт.