Өкмөт катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга кайрадан тыюу салды

Министрлер кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду жана анда камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлүн жана калдыктарын Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга тыюу салды.

Мындай чектөө алты айга созулат. Чечимге минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мекемеден убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардан улам абадагы булганууну азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталганын белгилешти.

*Катализатор — бул унаанын түтүн чыккан бөлүгүндө чыгынды газдарында адам жана экология үчүн зыян химиялык бөлүкчөлөрдү (көө, углерод жана азот кычкылтегин) чыпкалаган түзүлүш. Бул заттар катализатордо аягына чейин күйүп, анчейин зыян эмес заттарга айланып чыгат.

Мындан тышкары баалуу жана кара металлдын сыныктарын, ошондой эле кагаз, картон менен жыгач материалдарды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары сатууга тыюу салынды.

Өткөн жылы минкабдын ошол кездеги башчысы Улукбек Мариповдун чечими менен катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Анда да тыюу салуу абанын булгануусун алдын алуу максатында киргизилгени айтылган.

Катализаторлорду сатуу

Иллюстративдик сүрөт.

Министрлер кабинетинин өткөн жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 80%га жакын унааларда катализатор жок, болгон күндө деле зыяндуу заттарды коопсуз кылып тазалап чыгара албайт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда катализаторлорду сатып алууга болгон суроо-талап жогору. Онлайн алып-сатуучу жайларда бир катализатор үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин сунушташат.

Катализатор — автомобилдин газ чыгаруу системасына кирген эң кымбат элементтердин бири. Дал ошондуктан катализаторлорду алмаштырбай эле кесип алып салышат.

Катализатордун курамында платина, родий же палладий тузу сыяктуу баалуу металлдар болгон үчүн анын наркы кымбат. Дүйнөдө палладийге болгон тартыштык анын наркын көтөргөн жана бул жакынкы жылдары дагы сакталышы мүмкүн.

Бир катализатордо болжолдуу 5 грамм палладий бар. Палладий автоунаа өндүрүүдө, электроника жана стоматология тармагында да колдонулат.

Автомобилдерге карата экологиялык талаптарды күчөтүү аталган металлга суроо-талаптын жана анын наркынын өсүшүнө алып келген.

Кыш келип, борбор калаада жылытуу сезонунун башталышы менен Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу маселе курчуйт. Абанын кир болушуна Бишкекке чектеш жайгашкан конуштардагы жылытуу сиситемасы да таасири этет.

Ошондой эле шаардагы унаалардын көптүгү, алардын көпчүлүгүндө чыгынды газдарды чыпкалоочу катализатордун жоктугу да абанын булганышынын бирден бир себеби катары бааланат.

Тема боюнча:

Дата-анализ: Ушул кышта Ош шаарынын абасы Бишкекке салыштырмалуу кир болду

Минкаб унаалардын катализоторун өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды