«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Ж.М.Ш. тиешелүү органдар менен макулдашпай туруп Кара-Суу районундагы «Загара-2» кенине жол салып, мөңгүнү талкалаган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, өкүлчүлүктүн мурдагы башчысы жол куруу пландалган жер жөнүндө маалымат сурап "Кыргызгипрозем" ишканасынын дарегине кат жөнөткөн. Жооп катары мекеме көрсөтүлгөн координатта мөңгү бар экенин билдирген.
Мындан тышкары «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган. Бирок ал жерде мөңгү жана мореналар жайгашкандыктан, мекеме макулдук берген эмес.
УКМКдан (мөңгүлөр, асыл топурак, токой жерлери боюнча) келтирилген экологиялык чыгым 14 млн 978 миң 480 сомду түзгөнүн билдиришти.
Ж.М.Шга «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу» беренелери боюнча айып тагылды. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.