Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовду убактылуу кызматтарынан четтетти.
Салык кызматынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп мекеменин Биринчи май райондук башкармалыгынын жетекчиси Кыдыкбек Кыдыров дайындалды.
Минкабдан жогорку кызматтагы салыкчылар «тергөө иштери аяктаганга чейин» кызматтан четтетилгенин билдиришти.
Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваипов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычевдин кармалганы 6-декабрда белгилүү болгон. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга байланышкан «алдамчылыктарга» шектелип, 20-январга чейин тергөө абагына камалган.
3-декабрда Салык кызматы спирт ичимдиктеринин өндүрүүчүлөрү менен импорттоочуларын 2023-жылга чейин чыгарылган акциздик маркаларды үч күндүн ичинде жаңысына алмаштырууга милдеттендирген.
Импорттоочулар Минкабга кайрылып, акциздик маркаларда алмаштыруу мөөнөтүн алты айга чейин узартууну өтүнүшкөн.
Кийинчерээк УКМКнын кызматкерлери Салык кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүндө тинтүү жүргүзүп, төрт башкармалыктын жетекчиси жана бир катар кызматкерлер суракка жеткирилген. Атайын кызматтан башкармалык жетекчилери акциздик товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууларды жашырууга шектелип жатканын билдиришкен.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында салыкчылар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга байланышкан коррупцялык схема түзүшкөнүн билдирген. Анын айтымында, мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым 3,2 млрд сомду түзгөн.
Өткөн жумада президент акциздик маркаларды алмаштыруунун мөөнөтү узартылбай турганын айткан.