Бүгүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мекеменин аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрүүдө.
Ал 2020-жылдын октябрынан бери коррупциялык иштер боюнча жалпысынан 168 млрд сом (1,9 млрд доллар) алынганын билдирди.
Ташиевдин айтымында, парламенттин маркум экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун 2 млрд сомдон ашык суммага бааланган «Капитал Банкы», ошондой эле «Бишкек ликер-арак заводу» мамлекетке кайтарылды.
«Чыныбай Турсунбековдун жубайы кайсы бир алдамчылар менен байланышып, мени пара менен кармайбыз деп $5 млн даярдашкан. Бул ишке чет өлкөлүк атайын кызматтын өкүлдөрү да катышкан. Бирок биздин балдардын кыраакылыгы менен алдамчыларды да кармадык, $5 млн да алып, мамлекетке өткөрүп бердик», — деди УКМКнын башчысы.