Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы 24-декабрда кабарлады.
Ага ылайык, стоматолог (К.А.Н) 5 жыл 6 айга кесилди. Анын үй камагындагы бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.
Ал эми анестезиолог (Т.А.Т.) 6 жылга эркинен ажыратылды. Ал буга чейин камакта болчу.
Медакадемиянын медициналык борборунун мурдагы директору (И.М.Б.) 5 жыл 6 айга кесилип, 3 жылдык пробация берилди. Бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлүп, сот зылынан бошотулду.
Мындан тышкары стоматологдун жолдошу (Т.Д.Т.) 5 жылга эркинен ажыратылды. Ал да буга чейин камакта болчу.
«Дентомакс» жеке клиникасынын директору (Ш.Б.К) аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.
Күнөөлүү деп табылгандар жабырлануучуларга моралдык компенсация катары 1 млн сом, ал эми материалдык чыгым үчүн 541 745 сом төлөөгө милдеттендирилди.
Үч жаштагы Алия Кубанычбекова Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын стоматологиялык бөлүмүндө былтыр декабрда чарчап калганы белгилүү болгон. Анын жакындары окуяга дарыгерлерди күнөөлөп, иштин акыйкат тергелишин талап кылышкан.
Милиция бул боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен иш козгогон.