Бишкек: Тиш доктурда каза болгон 3 жашар кыздан ишин министр өз көзөмөлүнө алды

Бишкектеги тиш доктурда 18-декабрда чарчап калган 3 жашар кыздын ишин Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыздын чарчап калганы тууралуу 21-декабрда адвокат Канат Хасанов фейсбук барагына жазып чыккан. Ошондой эле ал кыздын атасы менен чоң энесинин билдирүүсүн жарыялаган. 

Кыздын атасынын айтымында, алар Байтик Баатыр 4А/1 көчөсүндөгү «Дентамакс» стоматологиялык клиникасына кайрылып, алдын ала кеңеш алышкан. Тиш доктур наристеге ийне сайбай эле, атайын уктатуучу «Севаран» препаратын жыттатып, операция жасаарын айткан. Дарылоого жалпы 106 миң сом кетет деген. 

Дарыгер операция 18-декабрда Медициналык академиянын операция бөлүмүндө врачтардын көзөмөлүндө болорун билдирген. Кызды саат 11:30 чамасында операцияга алып киришкен.

«Дарылоого 4 жарым саат кетет дешти. Биз жубайым экөөбүз күтүп отурдук. Кечки саат 18:00дөн өткөндөн кийин варчтардын тобу операция бөлүмүнө чуркап кетишти, кийин тиш доктур мени чакырып “жасап бүтүп калганда, наристенин жүрөгү токтоп калды” деп айтты», — деп кыздын атасы көзүнө жаш алды. 

Кыздын жакындары оперция бөлүмүнө киргенде, наристенин колуна ийне сайылып турганын жана денеси муздап, көк тартып калганын көрүшкөн. Атасы «ошондо кызым бир саат мурда эле чарчап калса керек» деп нааразы болду.

Октябрь райондук милициясы «Клоопко» бул боюнча териштирүү иши башталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалганын айтышты. Шектүүгө карата «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ишти өз көзөмөлүнө алып, атайын комиссия түзүлдү. Иштин чоо-жайы такталганга чейин стоматологиялык борбордун иши токтотулду.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Дарыгерлердин шалаакылыгынан 38 жаштагы киши каза болгону айтылууда