«Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин түркиялык «Маариф» фондуна берилиши алардын ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрлик «Маарифке» шилтеме кылып, тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесиптерин аркалай беришерин, ал эми окуучулар менен студенттер билим берүү мекемеси менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун уланта бере тургандыктарын билдирди.
«Бул чечим “Сапат” билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, окуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртат деген ишеничте кабыл алынган», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Мекемеден министрликтин жетекчилиги фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, аларды «Сапаттын» мекемелериндеги билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлден түшүрбөөгө, колдон келсе андан да жогорку деңгээлге чыгарууга чакырганын билдиришти.
Министрликтен «Сапаттын» бардык деңгээлдеринде билим берүү процесси Кыргызстандын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына жана мамлекеттик стандарттарга ылайык уюштуруларын кошумчалашты.
Минкаб 31-декабрда «Сапат» билим берүү мекемелерин «Маариф» фондуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынганын билдирген. Мекемеден бул чечим окуучулар менен студенттердин кызыкчылыктарын жана билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары фонддун татыктуу аброюн камсыз кылуу менен негизделгенин белгилешкен.
Эртеси «Сапаттын» жетекчилиги кыргыз бийлигинин бул чечими күтүүсүз болгонун билдирген. Ошол эле учурда алар бардык «юридикалык жана укуктук» нормалар сакталат деп үмүт артарын айтышкан.
Түркия бийлиги «Сапатты» (мурдагы «Себат») 2016-жылы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп эсептелген оппозициялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланыштырып келген. Гүлен өзү төңкөрүшкө тийиштүү айыптоолорду четке каккан.
2016-жылы Түркия бийлиги Кыргызстандан 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» лицейлерин жабууну талап кылган.
Бирок кыргыз бийлиги мындай сунуштан баш тартып, компромисс катары лицейлердин аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, Кыргызстандын билим берүү министрлигин негиздөөчүлөрдүн курамына кошкон. Ошондой эле эки өлкө «Маариф» фондунун башкаруусундагы альтернативдүү мектептерди ачуу боюнча макулдашкан.
«Маариф» фонду 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында негизделген. Анын максаты — бала бакчадан баштап университеттерге чейин чет өлкөлөрдөгү билим берүү мекемелерин башкаруу, маданий алмашууну илгерилетүү жана сапаттуу билим берүүнү жайылтуу.